Сузак районунда 3 жыл мурунку адам өлүмүнө шектелген жаран кармалды
Сузак районунда 3 жыл мурунку адам өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2014-жылдын 3-март күнү Сузак районунун Көк-Арт тилкесинде Дэу Тико унаасынын ичинен 1985-жылы туулган А.К. аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Кароо жүргүзгөн учурда маркумдун киши колдуу болуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөрдү издөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 3 адам кармалып, дагы бир адам издөөгө алынган болчу. 2017-жылдын 22-февраль күнү издөөдө жүргөн 27 жаштагы К.А. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
mikoo

24.02.2017. 22:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Совпадения А.К каза болуп К.А кармалды
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.