super.kg logo

Ат-Башы районундагы көмөк чордонго токко тартылган кыз эсине келе элек

 

Нарын облусунун Ат-Башы районунда көмөк чордонго (трансформатор) тартылып ооруканага түшкөн 8 жашар кыз эсине келе элек. Бул тууралуу жабырлануучу кыздын жакындары бүгүн, 1-майда билдиришти. Жабырлануучу кыздын таякеси Сүйүндүк мырза мындай дейт:  

 

“Айгерим 4-класстын окуучусу. Көмөк чордон мектептин короосунун ичинде жайгашып, жол кыскарткандар анын жанындагы тосмонун тешиги аркылуу мектепке кирип кетишчү. Ал эми көмөк чордондун өзүнчө тосмосу жок. Окуяга күбө болгон айыл тургунунун айтымында, кырсыктан бир күн мурун жаан жааган. Кырсыктын бир себеби да ушундан болсо керек. Көмөк чордондун чоң эки эшигинин бири жабык ал эми экинчиси ачык экен. Милиция кызматкерлери келгенге чейин РЭСтин кызматкерлери келишти. Аларга болгон окуяны баяндап, көзөмөлгө албагандыктарын айтканыбызда, “балдарды өзүңөр көзөмөлдөбөйт белеңер, эшикти ачып ойношуптур" деп кайра бизге күнөө коюшту”.   

 

Айта кетсек, окуя 28-апрелде болуп, 4-класстын окуучусу Айгеримдин белинен өйдө тарабы күйүккө кабылган. Учурда аймактык ооруканада, дарыгерлердин көзөмөлүндө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
01.05.2013. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле оздору карап, уйротушпойбу балдарына. РЭСтин кызматкерлеринде не куноо?
01.05.2013. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sagy, куноо ошол РЭСтин кызматкерлеринде.Трансформатор мектепке жакын болуп жаткандан кийин,айланасын жакшы тосуш керек болчу!Анткени мектеп окуучулары эмнени тушунушмок эле?
02.05.2013. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrsyk da, negizi 2 jakta ten kunoo bar. Mektepten da tushundurmo ishterin otup turush kerek ele. Baldarga bolso ata eneler da aityshy zaryl. Aigerim batyraak jakshy bolup ketsin.
02.05.2013. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куноо албетте РЭСтин кызматкерлеринде жана окмотто ...негизи кырг да жооп керчилик деген жашабайт...бир нерсе курулуп жатканда анын баардык жактары каралбайт...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: