super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 27-ФЕВРАЛЬ: Айпери Кулбаева 30 жашын отчёттук концертин берүү менен белгилейт

 

Ырчы Айпери Кулбаева бүгүн, 27-февралда 30 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, ыраазычылыгын билдирип, туулган күнүн белгилөөгө кызуу даярдык көрүп жатканын айтты.

"Бүгүн кечинде ресторандардын биринде кесиптештерим, досторум жана туугандарыма отчёттук концертимди тартуулайм. Учурда той-концертимди өткөрүүгө даярдык көрүп жатам", - деди ырчы.

Белгилей кетсек, А.Кулбаева 1987-жылы 27-февралда Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун Жерге-Тал айылында жарык дүйнөгө келген. ОшМУнун искусство факультетин аяктаган. 2010-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" наамынын ээси болгон. 2011-жылы Рыспай Абдыкадыровдун 70 жылдыгына арналган "Ырга айланган өмүр" аттуу эл аралык фестивалда "Махабат жөнүндө баллада" аттуу ыр менен Гран-прини жеңип алган. 2011-жылы Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын дипломанты, 2014-жылы Даркүл Күйүкова атындагы республикалык сыйлыктын лауреаты болгон. "Элегия" жана Кутман Султанов менен "Тамашалуу ыр" аттуу чыгармалары аркылуу эл оозуна алынган.

27-февралга карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(7)
27.02.2017. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Отчет бербей эле койбойсунбу кызым сени эл жакшы тааныбайт бираз эртерек,же залга бир баннерге суротунду чыгарып туруп откозуп жиберейин деп чечтинби!
27.02.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kamchatка, бул кызды камчаткага окшогон четтеги адамдар эле тааныбай калбаса, баары тааныйт го дейм...
27.02.2017. 18:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Орконун оссун!
27.02.2017. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Койгулачы ай кыргыздар бир жакшы ырынар жок эле концерт бере бербей
27.02.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айперинин аткаруусундагы А. Керимбаевдин ак булуттар деген ырын кыргыз радиосунун алтын казынасына кабыл алдык мыкты аткарган деп жакында эле кыргыз радиосунан ырын уктум эле. Жакшы ырдаптыр. Иштерине ийгилик Айпери!
27.02.2017. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчымын дегендерге шылтоо эле жок экен да.
27.02.2017. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эптеп акча жыйнамай азыркы ырчылар эски ырларды жаныртып же оронжировкасын озгортуп даяр ырды ырдап чыгышат уялышса боло кичине аракет кылышса жакшы болмок
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: