super.kg logo

Ар тараптуу ишмердүүлүгү менен аз убакыттын ичинде лидерге айланган "Жорго" компаниясы

 

Компания тууралуу

"Жорго" компаниясы мындан 3 жыл мурун, 2014-жылы август айында 3 ишкер тарабынан негизделген. "Кыргыз эли башынан эле жылкыны ардактап, "Ат адамдын канаты" деп келишет эмеспи. Жорго деген сөздүн философиясы ылдамдуулук, стабилдүүлүк жана берилгендикте жатат. Мындан улам компаниянын атын "Жорго" деп атоону чечкенбиз", - дейт аны түптөөчүлөрдүн бири Дамир Юбиров. Аз убакыттын ичинде компания кызматкерлеринин эмгекчилдиги, кардарларынын ишеничи жана ар тараптуу ишмердүүлүгүнүн натыйжасында өлкөдөгү эң мыкты такси кызматтарынын катарына кошулду.

Кирешенин бир бөлүгү кайрымдуулук иштерине жумшалат

Кирешени өздөрүнө гана эмес, жардамга муктаж болгон адамдарга дагы жумшоону чечкен "Жорго" компаниясы негизделген жылынан тарта кайрымдуулук иштерин жүргүзүп келет. "Элибизде жардамга муктаж көп адамдар бар. Биз алардын камын ойлоп, бул иштерди жасап жатабыз", - дейт компаниянын өкүлү.

Алсак, буга чейин согуш ардагерлерин дарегине бекер жеткирүү жана биринчи топтогу майып адамдарды 50 пайызга арзандатылган баада жеткирүү акциясын уюштурушкан. Мындан тышкары балдар үйүнө ай сайын жардам көрсөтүп, алардын керектүү буюмдарын, кийим-кечектерин алып берип турат.

Спорт менен активдүү машыккан жаштарга колдоо көрсөтүлөт

Компания спорт менен активдүү машыккан жаштарга демөөрчүлүк кылат. "Жоргонун" Жогорку лигада ойногон футбол командалары жана Кеминде көк бөрү боюнча командасы бар. Ошондой эле дзюдо, эрежесиз уруш, панкратион спорттору менен машыккан спортчуларга, автожарышчыларга каржылык жактан колдоо көрсөтүп, алар республикалык, эл аралык спорттук иш-чараларда, жарыштарда алдынкы орундарга ээ болуп келишет. Кошумчалай кетсек, жакында бийчи Жан Воиновдун Казакстанда өткөн бий маданиятын өнүктүрүүгө багытталган иш-чарасын өткөрүүгө "Жорго" компаниясы демөөрчүлүк кылган.

Кардарларына адреналин тартуулган "Байктакси" кызматы

"Жорго" компаниясы Кыргыз мамлекетинде биринчи болуп мотоцикл менен жүргүнчүлөрдү ташуучу "Байктакси" кызматын ачкан. Жай мезгилинде иш алып барган бул кызматтан салмагы 75 килограммдан ашпаган адамдар жана өспүрүм курактан өткөндөр пайдалана алышат. Келечекте "Байктакси" ишмердүүлүгүн кеңейтип, шаар тургундарын шаар ичине эле эмес, шаар четине, мотоцикл менен кооз жерлерге алып барып эс алдыруу кызматын көрсөтүүнү пландап жатат.

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар дагы жумуш менен камсыздалган

"Жоргодо" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар да иштешет. Аларга атайын акция жарыяланып, жумушка алынат. Мүмкүнчүлүгү чектелген кызматкерлерди окутуп-үйрөтүү иштерин да компания өз мойнуна алган.

Айымдардан түзүлгөн "Назик Жорго" бригадасы

Компанияда 60ка жакын таксист айымдардан түзүлгөн "Назик жорго" бригадасы иш алып барат. Анда 1 жарым жылдан бери иштеген 43 жаштагы Назира Нурдинова: "Кесибим боюнча мугалиммин. Кечкисин иштегендиктен, кардарлар "коркпой кантип иштейсиз?" деген суроону көп беришет. Мен жумушумду сүйөм. Дайыма позитивдүү ойлонууга аракет жасайм", - деген ою менен бөлүштү. Ошондой эле компания тарабынан айымдарга жакшы шарттар түзүлүп, колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалай кетти.

Кызматкерлерди жумушка алуудагы шарттар

"Биз кызматкерлерди жумушка сынак аркылуу алабыз. Ошондой эле таксисттердин арасында мамлекеттик кызматта иштегендер да бар. Милиция кызматкерлери, өрт өчүрүү кызматында иштегендер, мугалимдер жана башка кесиптин ээлери кечкисин же бош убактыларында бизде эмгектенишет", - дейт Дамир Юбиров. Мындан тышкары жумушка кирип жаткандардан наркологиялык борбордон, психикалык ден соолуктун борборунан жана соттолбогондугу тууралуу маалым кат талап кылынат.

Эң мыкты айдоочуга - тай жорго

Ар бир ай сайын компаниянын эң мыкты иштеген 3 айдоочусуна 50, 30, 20 литр бензин белек катары куюлуп берилет. Ошондой эле 3 айда бир эң жакшы иштеген таксистке тай жорго тартууланып, калган экөөнө тиричилик техникасы белекке берилет.

"Жорго" компаниясы учурда келечекке койгон бийик максаттары, кардарларга мыкты шарттарды түзүү аракеттери менен алдыга карай умтулуп жаткан кези. Компанияны негиздөөчүлөрдүн айтымында, жакын арада кардарларга багытталган, айдоочулардын ишин жеңилдеткен жаңы мобилдик тиркемелерди жана долбоорлорду ишке ашырууну көздөп жатышат. 3 жылдын ичинде ар тараптуу ишмердүүлүгү аркылуу өзүн көрсөтө алган “Жорго” компаниясы кайсы бир деңгээлде Кыргыз мамлекетинин өнүгүшүнө салымын кошууда.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(36)
28.02.2017. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жакында эле Бишкекке барып жолдошум экообуз жоргонун такси кызматын пайдаландык. Айдоочулары сылык экен. Операторго чалсан кыргызча суйлошот. Айткан жерине бат келет. Азаматсынар!!!
28.02.2017. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Достор жана жер титиредиго сездинерби админ сиздерден сураныч эпицентр кайсыл жер экенин билип берип койгулачы
28.02.2017. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
cholpon9393,Кайсыл жерде
28.02.2017. 21:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
elchi84,Ош шаарында
28.02.2017. 20:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Кичи Кемин деп менин айылым журот го суроттордо,Жорго таксинин айдоочулары сылык,мен тунку 12ге чейин иштейм дайыма жорго такси менен кетем
28.02.2017. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Менда Баткенде жорго такси ачат окшойм реклама бекер экен
01.03.2017. 07:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Uson13,
JORGO kompaniyasy saga salyk salyshy mumkun, antkeni alardyn uruksaty jok JORGO taksi aidaganga ukugun jok .
01.03.2017. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nora,Жакш айттып койдуң билбейт билбейт элем
01.03.2017. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Uson13, Туура айттын.
02.03.2017. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uson13,тулпар деп ачып ал
28.02.2017. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Биринчилерден болуп менттерди уруп таштаган таксичилер
28.02.2017. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тушкондор тушкуло! Тушпогондор тушпогула! Машинасы барлар машинанар менен жургуло, жоктор маршрутка менен жургуло! Негизгиси аман эсен ынтынактуу, ыймандуу, тынчтыкта омур суролучу!!!
28.02.2017. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тункусун бул жорго таксидегилер баасын которуп жибереби айткылачы мен ош базардан дордойго чейин 350 сом алды эмне мынча десем учётчик ушундай деп койду чарчап тургандыктан талашкан эмесмин алыстан келип
01.03.2017. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur...nur., Жоргонун посадкасы, анан учётчигинде км рине канчадан? Ошолрун эле так билип, эсептей койсонуз чыгат канча экени!
01.03.2017. 08:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur...nur.,350 сомго жетбесе керек дордойдун кайсыл жерине бардыныз Келечек,Акбатагабы кайсыл пасатканыз 50сом даплатасы 50сом 15 километр болгондо да 250 берет болчунуз
01.03.2017. 08:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nur...nur.,посадка 50 дордой конушу озуно 50 сом счетчик 200сом туура эле.
01.03.2017. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы иштерине ийгилик!!Арсынды ката кетирген айдоочулары бардыр,бирок ооруп аткан жаш балага,жардам бергендерине Алаах Фраазы Болсун!!!!Иштеринерге ийгилик!!!Туугандар,жаманды жазбай ынтымактуу бололучу,бир элбиз!!Уйдо ыйлап,жалгыз калган кичинекей кызга жардам беришиптир,бул чон жардам деп ойлойм.Жаманды жазгандар,озунор жардам бербейсинер,анан башканы сынайсынар,туура эмес кылганынар
01.03.2017. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Hadyja,Жакшылыгын жар салып жуз жолу чыга береби?
meni_kut түзөттү 2017-03-01 03:14:36
01.03.2017. 10:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Hadyja,(Алаах Фраазы)эмес!! Туура жазып андан кийин окурмандарга акыл уйротсон бул жерде баардык окурмандар оздорунун ойлорун жазышат да сен антип жон эле бироону уруша бербе!!!!
Azatbek83 түзөттү 2017-03-01 10:19:20
01.03.2017. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллах Ыраазы Болсун!!!
01.03.2017. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Атын озгортуп албайсынарбы Жорго дебей мисалы:Кулук же Ылдам депчи .Жорго десе эле башкача ойлоп калышты кобучу
01.03.2017. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Здачты оздору билип кайрып бербегени жаманда.
01.03.2017. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен уйбулому тушурбойм.Ушунча окуядан сон кантип ишенесин.Андан да рекламага ото муктаждыгы чочутат.Бир айда он жолу чыктынар.
01.03.2017. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жорго такси жорголоп,
Ишин эми оңолот,
Эл ташыгын чарчабай,
Реклама болду жетишет
01.03.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
посадкасы 50сом километрге 10сомдон,анан аралап жеткирсе доплатасы 30 сом
01.03.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мен да Бишкекке барсам жорго таксинин кызматынан пайдаланам
01.03.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Жоргону опшум колдонбойм. "Такси СМС" ти колдоном, ошолорда мыкты такси фирмасы!
01.03.2017. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Пайдалуу кабар, чындыгында эле ар тараптуу такси кызматын корсотушот экен
01.03.2017. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Албетте акыркы учурдагы кырдаалга байланыштуу озулорун реклама кылышатда.....Кыргызда жакшы соз ба р он колун менен бергенди сол колун билбесин деген....ошол себептуу озулорун реклама кылып жатышат клиенттери мурдагыга караганда азайганына байланыштуу
01.03.2017. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жорго жакбаса Намба чакырыныздар,балким менин бортумда болуп каластар, суперден деп айтсаныздар бекерда жеткизип койушум мункун
01.03.2017. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Werbala,суперденмин мен сенин комментинди окугам десе эле бекер жеткиресинби койчу ай.Анда эртен мени сокулуктан Джалга алпарып таштап койчу коройун эрдигинди
02.03.2017. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
palina,менин бортума тушка калсанар дедим элего прям уйунорго барып алып кетем эмес
01.03.2017. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен билгенден фактический эки кызматкерин текшергенде экоо тен наркотика чеккени аныкталган. Буну коомчулук кообу билет. Ошон учун туш келген эле немелерди ала бербей Жоргонун жетекчилиги жумушка алаарда текшерип алса болмок. Мурда соттолгонбу же жокпу, наркотика чегеби чекпейби, эгер дайым чегип журсо ал 6 ай бойу анализинен чыга берет. Беш кол тен эмес, арасында жакшылары деле бар болуш керек.
02.03.2017. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
omurbek1990,туура
01.03.2017. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ишинерге ийгилик.
02.03.2017. 02:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Жорго нези жорго да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: