super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 28-ФЕВРАЛЬ: "Кукушка" тасмасы аркылуу таанылган фин жана орус актёру Вилле Хаапасало 45 жашка толду

 
"Муз доору" долбоорунда Татьяна Навка менен
Биринчи жубайы Саара Хедлунд менен
Тина Баркалая менен

"Диверсант", "Кукушка" тасмалары аркылуу таанылган, "Муз доору" долбоорунда Татьяна Навка менен бийлеп, 2-орунду алган орус-фин актёру Вилле Хаапасало 45 жашка толду. Ал 1972-жылы 28-февралда Финляндиянын Холлола шаарында жарык дүйнөгө келген. 1995-жылы жарыкка чыккан "Улуттук аңчылыктын өзгөчөлүктөрү" тасмасында өзүнүн алгачкы ролун жараткан. Актёр "Кукушка" тасмасына тартылгандан кийин калың элге таанылган. Аталган фильмдеги ролу үчүн 2003-жылы Орусиянын мамлекеттик сыйлыгына татыган. В.Хаапасало жалпысынан орус жана фин кинолорунда 40тан ашык роль жараткан. Ошондой эле анын Орусияда өзүнүн киностудиясы бар.

2005-жылы Финляндиядагы телевидениеде алпаруучу болуп иштеп, чыгармачылыкка аралаша баштаган. 2 жылдан кийин орустардын "Главная дорога" программасын, 2010-жылы Александр Олешко менен биргеликте белгилүү "Даңк мүнөтү" көрсөтүүсүн алпарган.

Жеке жашоосу

1995-жылы институтту аяктаган соң фин актрисасы Саара Хедлундга үйлөнгөн. Жылдыздар 3 балалуу болгон соң ажырашып кетишкен. Андан кийин режиссёр Тина Баркалая менен сүйүү мамилесин куруп, 2009-жылы уулдуу болушкан.

28-февралга карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: