super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: "Кел-кел" ырынын философиялык маанисин түшүнүү үчүн 10 жолу угуп чыгыш зарыл" дейт Айпери Кулбаева

 
Айпери Кулбаева
Бурул Стамкулова

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү философиялык тереӊ мааниге ээ тарыхый чыгармалардын бири - ырчылар Айпери Кулбаева менен Бурул Стамкулова аткарган "Кел-кел" ыры. Ырчы Айпери Кулбаева аталган ырдын клиби, мааниси тууралуу буларды билдирди.

"Кел-кел" тарыхый чыгарма. Азыр оош-кыйыш заман болуп жатат. Эми кет-кеттен Кудай сактасын. Андыктан мен "Кел-келди" ырдап жүрөм.

Клип Ош шаарында, ошол жактагы жайлоодо тартылды. Кээ бир тарыхый кадрларды клипмейкер өзү издеп жүрүп таап кошту. Бул тарыхый дастан. Андыктан жөнөкөй угармандар эле эмес, кээде чыгармачыл адамдар да түшүнө бербейт. Андагы сөздөрдүн мааниси тереӊ, курч болгондуктан түшүнүү кыйын. Кээ бир адам бир угуп "эй, койчу" деп укпай коюшу мүмкүн. Андыктан ырдын философиялык маанисине аӊдап жетүү үчүн 5-6 жолу, жадакалса 10 жолу угуп чыгыш зарыл деп ойлойм.

Бул чыгарма ар дайым актуалдуу. Андыктан элге сабак болсун деген максатта аткарып чыкканбыз".

Айпери Кулбаеванын "Кел-кел" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: