super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына ыраазы экенин айтты

 

Бишкекте бүгүн, 28-февралдагы маалымат жыйындын жүрүшүндө президент Алмазбек Атамбаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин бул иш сапары Кыргыз мамлекети үчүн маанилүү окуя экенин белгиледи.

"Бул сапарыңыз дипломатиялык мамиленин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына туш болууда. Бул күн 20-мартта белгиленет. Бүгүнкү тар жана кенен чөйрөдөгү жолугушуубузда эки тараптуу кызматташуудагы дээрлик бардык маселелерди талкууладык. Бардык маселелер боюнча бир пикирге келдик. Экономика, коопсуздук, аскердик-техникалык кызматташуу жана ЕАЭБдеги интеграциялык көйгөйлөр каралды. Биздин өлкөлөрдүн эл аралык маселелер боюнча позициясы дал келип жатты. Буга чейинки келишимдердин аткарылышын карап чыктык. Мен жана Кыргыз делегациясы сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгына канааттандык. Бул үчүн орусиялык делегацияга ыраазычылык билдиребиз", - деди президент.






Путиндин Кыргызстанга болгон иш сапары

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: