super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 1-МАРТ: Айтылуу "Modern Talking" тобунун солисти Томас Андерс 54 жашка толду

 
Жубайы Клаудиа Хесс менен
Мурунку жубайы Нора менен

Айтылуу "Modern Talking" поп-тобунун солисти Томас Андерс 54 жашка толду. Ал 1963-жылы 1-мартта Германиядагы Мюнстермайфельд аттуу кичинекей шаарчада төрөлгөн. Атасы бул шаардын мэри, апасы дүкөндө сатуучу болуп эмгектенген. 16 жаш курагында өзү жараткан биринчи ырынын артынан эле Томас Андерс деген псевдоним менен ырдап чыга баштаган. Жашоосундагы бурулушка 1983-жылы атактуу композитор Дитер Боленге жолукканда кезиккен. "Modern Talking" тобунун солисти болору менен эле атагы алыска тарап, дүйнө кыздарынын өздөрүн эмес, жүрөктөрүн сыздаткан ырчы катары таанылган. Кызганчаак аялы Норага бул нерсе жага бербей, анын бардык иштерине кийлигише баштаган. Мунун аягы топтун чачырашына алып келген. Чыгармачылыгындагы 11 жылдык үзгүлтүктөн кийин Дитер менен биргеликте кайрадан эле эски ат менен топту жандандырышкан. Бул убакта "эми сенин жылдызың өчтү, мен сени менен бактылуу боло албайм" деген Норанын сөздөрүнөн кийин ажырашып кетишкен. Кайрадан жумшаган эмгектеринин акыбети кайтып, 1998-жылдары жаңы ырлары менен Европа хит-параддарынын биринчи катарларынан орун алышкан. Жеке карьерасында Томас 7 альбом чыгарууга жетишкен. Бир топ жыл жалгыздык менен күрөшүп отуруп, Томас жашоосунда дагы бир сүйүүсү Клаудиа Хесске жолуккан. Клаудианын шоу-бизнеске эч кандай тиешеси болгон эмес.

1-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.03.2017. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ырчы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: