super.kg logo

Бишкекте 60 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды

 

Бишкекте 60 жаштагы аялдын өлүмүнө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кылмышка шектүү катары 1953-жылы туулган Т.Н. кармалган. Ошондой эле кылмышка катыштыгы бар делип, шектүүнүн мурдагы жубайы 1956-жылы туулган А.М. жана алардын 1980-жылы туулган Т.Э. аттуу баласы да колго түшкөн. Азыркы тапта алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Алдын ала маалымат боюнча, А.М. маркумдун курбусу болгон. Ал окуя болгон күнү анын үйүнө мурдагы күйөөсү Т.Н менен кошо келген. Кийин Т.Н маркумду башка атып, үйдөгү 15 миң долларды алып кеткен. А.М. бул кылган ишин Т.Н экөөнүн ортосундагы баласы Т.Эге айтып берген.

Айта кетсек, окуя 22-февраль күнү түшкө чейинки убакта Бишкектеги Тыныстанов көчөсүндө болгон. Анда маркумду белгисиз кишилер өз үйүндө атып кетишкен. Аялдын жанында бир жашар ымыркай да болгон. Сөөктү алгач мектептен келген небереси көргөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
02.03.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Т.Н., А.М., Т.Э.тушунуксуз. Жаткан жери жайлуу болсун.
02.03.2017. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2

Акча учун бир жаштагы наристени кароосуз калтырып, апасын атып кеткен акмактарды кара. Адамдар бузулду. Акча баарын чечип калган заман азыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: