super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 3-МАРТ: Белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бактыбек Мамытов 67 жашка толду

 

Бүгүн, 3-мартта белгилүү диктор, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Бактыбек Мамытов 67 жашка толду. Диктор учурда кесиптештери менен туулган күнүн белгилеп жатканын айтып, SUPER.KG порталына буларды билдирди:

"Эртең менен биринчи болуп жакындарым туулган күнүм менен куттукташты. Ал эми саат 8де радиолордун бири конокко чакырышып, эфирде болдум. Ар түрдүү белектерди алып, жагымдуу каалоо-тилектерди угуп жатам. Кечинде өздүк майрамымды туугандарым менен бирге белгилейм", - деди.

Белгилей кетсек, Бактыбек Мамытов 1950-жылы 3-мартта Чүй боорунда жайгашкан Ысык-Ата районундагы Алмалуу айылында туулган. 7 бир туугандын улуусу. Мектепти аяктаган соң Улуттук университеттин филология факультетине тапшырган. Ал эми дикторлукка кокусунан келип калып, 1973-жылдардан тартып бул кесипти аркалай баштаган.

Бактыбек Мамытов маданиятка кошкон салымы үчүн көптөгөн сыйлыктарга ээ болгон. 2000-жылы кыргыз телекөрсөтүүсүнүн отличниги, 1993-жы­лы Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы "Даңк" медалы жана башка бир топ сыйлыктарга та­тыган. Көптөгөн жылдар бою "Арноо концерти" көрсөтүүсүнүн редактору жана алып баруучусу болуп эмгектенет.

3-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
03.03.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Убакыттын өткөнүн , 70ке чыгайын деп калыптыр . Агай өмүрүңүз узун болсун , бекем ден соолук каалайм .
03.03.2017. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Агай ден соолугунуз бекем болуп уй булоонуздо ар дайым бак таалайга болонуп журо бериниз. Кичинекей балалык кезим сиздин беруулорду коруп откон. Маданиятка кошкон салымыныз учун сизге Чоон Рахмат.
03.03.2017. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жараткан узак омур берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: