super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 5-МАРТ: 68 жыл мурун атактуу советтик киноактёр Талгат Нигматулин төрөлгөн

 

Мындан 68 жыл мурун, 1949-жылы 5-мартта теги татар кыргыз совет киноактёру Талгат Нигматулин Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында кенчинин үй-бүлөсүндө туулган (атасы татар, энеси өзбек кызы болгон). 2 жашка чыга электе эле атасы Кадыр кырсыктан улам каза болгон. Энеси мектеп директору болуп иштегенине карабастан, алар жакыр турмушта жашашкан. Энеси Талгатты балдар үйүнө тапшырган. Талгат алгач орус тилинен кыйналган. Ден соолугу да начар болгон, себеби бала чагында итий оорусуна кабылган. Пионер лагерине барганында бир кыз буту ийри Талгат менен бийлөөдөн баш тартат. Ошондо ал спорт жана бий менен алектене баштайт. Ал каратэ боюнча Өзбекстандын чемпиону болгон. Тырышчаактыгы менен орус тилин да бара-бара мыкты өздөштүрүп кеткен.

Кинорежиссёр болууну эңсеген Талгат Бүткүл союздук мамлекеттик кинематография институтуна (ВГИК) окууга тапшырып, бирок дароо ага өтө албай, Москвадагы Цирк жана эстрада өнөрү окуу жайына тапшырат. Кыргыз мамлекетинин белгилүү кунг-фу адиси Эсен Исмаилов менен таанышып, эки жыл анын таалимин алат. Натыйжада каратэ боюнча Өзбекстандын чемпиону болуп, СССРдин чемпиондугунда 6-орунду ээлеген.
Анын талантын байкаган киночулар тасмага чакырышат. 1967-жылы ал “Комиссар тууралуу баллада” фильминде ак гвардиячы офицердин ролун аткарган. ВГИКте окуп жүргөндө анын курсташтарынын арасында Наталья Аринбасарова, Николай Ерёменко сыяктуу болочоктогу жылдыздар да болгон.
Талгат 1971-жылы ВГИКти аяктап, Ташкентке келет да, “Өзбекфильм” киностудиясында иштей баштайт. Режиссёр Али Хамраевдин “Жетинчи ок” тасмасына (1972) жердештери Сүймөнкул Чокморов жана Болот Бейшеналиев менен бирдикте тартылат. 1976-жылы “Сиявуш баяны” тасмасына да тартылган.
Талгат Нигматулин бош убактыларында аңгеме да жазган. 1978-жылы СССР Мамкиносунун сценаристтерди жана режиссёрлорду даярдоочу жогорку курсун аяктайт.
Талгат Нигматулин “ХХ кылымдын деңиз каракчылары” аттуу тасмага досу Николай Ерёменко менен бирге тартылып (режиссёру – Борис Дуров), Салехтин ролун аткарган. 1979-жылы көрөрмандарга сунушталган бул тасманы 1990-жылга чейин 120 миллион киши көргөн. Анда совет киносунда алгачкы жолу каратэ көрсөтүлгөн.
1980-жылдардын башында Талгат “Төртүнчү жол” аттуу жашыруун сектага мүчө болот, аны Абай Бөрүбаев жана экстрасенс Мырза Кымбатбаев жетектешкен. Ал түгүл 1981-жылы Талгат “Жаңырык” аттуу он мүнөттүк фильм тартып, ага Мырза менен Абайды да катыштырган.
1985-жылы февралда сектада жиктелүү жараяны башталган. Абай Талгаттын колу менен “жикчилерди” жазаламак болот, бирок Талгат баш тартат. 11-февралга караган түнү Вильнюстагы сүрөтчү Андрюстун батиринде Талгатты сабап киришет, 11-февралда түшкө маал Талгат көркоолордун таягынын айынан набыт болгон. Анын сөөгү Ташкентке коюлган. Талгат өлөр алдында ортодокс христиан динин кабыл алган. Абай 14 жылга абакка кесилип, ал жактан каза болгон.

5-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
05.03.2017. 17:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр кайда?
05.03.2017. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
akil.91,
Набыт деп жазылып турбайбы. Олтуруп кетишкен давно эле. Волчья яма киносунда башкы рольдо элего, жазылбай калыптыр
05.03.2017. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул актёрдой актёрлор аз оз доорунун легендарлуу актёру рахмат кинодогу рольдорун жеткире аткарган.
06.03.2017. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх биргана туура эмес,кадам сектага мучо болуу себеп болгонго олумуно.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: