super.kg logo

Алгачкы жолу кыргыз элинин салттык көчмөн кийимдерин даӊазалаган "Кыздын кийими" сынагы болуп ѳттү (фото)

 
Баш байгени алган 3-курстун студенти Канышай Мусаева
1-орунду Таалайбек кызы Асел алган
2-орунду алган Абдухами кызы Минура
3-орунду алган Динара Султанова

Көчмөн турмушка тиешелүү салттуу билимдерди сактап калуу жана кыргыз элинин салттык көчмөн кийимдерин калыбына келтирүүгө багытталган "Кийиз дүйнѳ – кѳчмѳн руху" долбоорунун алкагында алгачкы жолу "Кыздын кийими" студенттер аралык республикалык сынагы 4-мартта болуп ѳттү. Бул тууралуу SUPER.KG`ге уюштуруучулар маалымдашты.
Долбоордун алкагында 7 жогорку окуу жайдан 43 студент катышкан. Анда ар бир катышуучу бир кыздын (7 жаштан 13 жашка чейин) толук кийимин тигип, калыстар тобуна өз эмгегин тартуулаган.

"Бул сынакты алгачкы жолу өткөрдүк. Андыктан студенттер биздин максатты түшүндүбү, кандай эмгектерди алып келет деп ойлондук. Катышуучуларга кыска убакыт берилгенине карабай, жакшы эмгектерди көрсөтүштү. Бизди студенттердин изденгени, салттуу билимге кызыкканы кубандырды. Сынак аркылуу аларга нукура кыргыз кийими, салттуу билим боюнча "үрөн сээп койдук" десек болот. Калыстар тобу да кимдир бирөө алыстан келиптир же дагы башка нерсеге шылтоолобой, мыкты эмгектерди тандап беришти. Бул башталышы гана, кийинки сынактарды мындан да чоӊ деӊгээлде өткөрүүгө аракет кылабыз", - дейт сынактын уюштуруучусу, дизайнер Айдай Асангулова.

Калыстар тобунун чечими менен баш байгени 3-курстун студенти Канышай Мусаева алган. Ал эми 1-орунду Таалайбек кызы Асел, 2-орунду Абдухами кызы Минура алса, ал эми 3-орун Динара Султановага буюрган. "Миң кыял" коомдук фондунун атынан бардык катышуучуларга Ардак грамоталар берилип, салттуу билим боюнча видео сабактар, кызыктыруучу белектер тапшырылды.

Белгилей кетсек, февраль айында кыргыз элинин көчмөн турмушуна тиешелүү салттуу билимдерди сактап калуу жана салттык көчмөн кийимдерин калыбына келтирүүгө багытталган "Кийиз дүйнө – көчмөн руху" долбоорунун алкагында студенттер арасында "Кыздын кийими" республикалык сынагы жарыяланган.

Сынактын максаты - кыргыз элинин салттуу кийимдерин жайылтуу, баркын көтөрүү, салттуу билимди алып жүрүүчүлөр менен жаштар ортосунда байланыш түзүү, студенттердин салттуу билимдер жана нукура ыкмалар менен иштөө жөндөмдүүлүктөрүн арттыруу.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(4)
06.03.2017. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Кандай жарашыктуу...
06.03.2017. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Озубуздун кийимден отору жок,кандай дейсинер?
06.03.2017. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Тизеси жыртык аласы тизеден келген чет элдин кийген кийимин кийгиче озубуздун кыргыздын улуттук кийимдерин кийип даңазалаган жакшыго.
06.03.2017. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uwul kiymder kaira moda azyrky uchurda soonun!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: