super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-МАРТ: Орусиялык белгилүү ырчы Татьяна Буланова 48 жашка толду

 
Татьяна Буланова үй-бүлөсү менен

Орусиянын Эмгек сиңирген артисти, поп ырчы Татьяна Буланова 48 жашка толду. Ал 1969-жылы 6-мартта Санкт-Петербург шаарында төрөлгөн. Ырчы 1990-жылдарда атактуулуктун туу чокусуна жетише алган. Чыгармачылык жолун мектепте окуп жүргөндө баштаган. Алгач көркөм гимнастика менен машыгып, музыкага болгон кызыгуусунан улам 9 жашында фортепианодо ойноону үйрөнөт. Кийин гитарада кол ойнотууну өздөштүргөн. 1989-жылдын декабрь айынан баштап "Летний Сад" тобу менен ырдай баштаган. 7 жылдан соң аталган топтон чыгып, жеке ырчылык менен алектенүүнү чечип, "Менин орус жүрөгүм" деген аталыштагы алгачкы жыйнагын чыгарган. Мындан тышкары "Сынган чырактардын көчөсү", "Бандиттик Петербург" сыяктуу популярдуу орус сериалдарына ырларды жаздырып, бул тасмаларда роль жаратууга жетишкен.

2004-жылы Орусиянын "Эмгек сиңирген артисти" наамын, ошондой эле эки ирет Орусиянын улуттук "Овация" сыйлыгына ээ болгон. 2014-жылдан баштап орустардын "Точь-в-точь" телешоусуна катышкан. Ырчы телевидение тармагына да аралашып, бир нече көрсөтүүлөрдү алып барган.

Жеке жашоосу

Буланова "Летний Сад" тобунун жетекчиси Николай Тагринге турмушка чыгып, экөө 13 жыл бирге жашап, Александр аттуу уулдуу болушкан. Кийин 2005-жылы футболчу, Орусиянын курама командасынын мурдагы мүчөсү Владислав Радимов менен никеге туруп, 2 жылдан кийин Никита аттуу уулдуу болгон. Ал эми 2016-жылдын декабрь айында ырчы жолдошу менен ажырашып кеткендиги тууралуу журналисттерге кабарлаган.

6-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: