super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 6-МАРТ: "Жүрөктө дале 30 жаштамын, туулган күнүмдө аялзатын майрамы менен куттуктап ырдайм" дейт Алтынай Нарбаева

 

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, ырчы Алтынай Нарбаева бүгүн, 6-мартта 50 жашка толду. Аны куттуктап байланышка чыксак, SUPER.KG порталына ыраазычылыгын айтып, Кадамжайды көздөй сапар тартып баратканын билдирди.

"Туулган күндүк маанайым мыкты. Жүрөктө дале 30 жаштамын. Жакындарым, маалымат каражаттары куттукташып, жылуу сөздөрүн арнап жатышат. Өздүк майрамым Аялдардын эл аралык күнүнө жакын болгондуктан, жыл сайын бул күнү башка облустарга барып, аялзатын куттуктап ырдап келем. Учурда Кадамжай районуна сапар тартып бара жатам. Райондук деңгээлдеги иш-чарада энелерди куттуктоо үчүн чакырышкан. Ошондой эле Оштогу концертке дагы катышам", - деди ал.

Белгилей кетсек, Алтынай Нарбаева 1967-жылы 6-мартта Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Кызыл-Октябрь айылында туулган. Жалал-Абад шаарындагы Маданият техникумун жана Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин музыка мугалими адистигинин окуусун аяктаган. 1993-жылдан тартып Бишкек шаарындагы №67-мектеп гимназиясында музыка мугалими болуп эмгектенип келет. "Ысык-Ата арашан" фольклор элдик ансамблинде жана Бишкек мэриясынын алдындагы уюшулган оркестрдин солисти.

Сахнага алгач Кадыралы Артыковдун "Барам сага" аттуу ыры менен чыккан. 2008-жылы май айында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти наамын алган. Ал эми 2013-жылы "Супер-Инфо" гезитинин версиясы боюнча "Жылдын жаңырыгы" деп табылган.

6-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
06.03.2017. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынай туулган кунун кут болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: