super.kg logo
  Саясат  

БШК: "Текебаевге сот өкүм чыгарса ал президенттик шайлоого катыша албайт"

 

Өткөн аптанын аягында "Ата Мекен" партиясынын республикасыз съезди болуп, жыйынтыгында президенттикке Өмүрбек Текебаевдин талапкерлиги көрсөтүлдү. Ө.Текебаев "коррупция", "алдамчылык" беренелери менен айыпталып, эки айга камакка алынган.

Тергөө алдында турган жарандын президенттикке талапкерлигин көрсөтүлүшүнүн мыйзамдуулугу тууралуу SUPER.KG порталына Борбордук шайлооо комиссиясынын төрагасынын орун басары Абдыжапар Бекматов төмөнкүлөрдү билдирди.

"Президенттик шайлоо 19-ноябрда өтө турган болсо Жогорку Кеңеш 19-июлга чейин шайлоо күнүн дайындашы керек. Шайлоо күнү белгиленгенден кийин гана талапкерлерди көрсөтүү процесси легитимдүү болуп саналат. Ага чейинки президенттикке талапкерлердин көрсөтүлүшү шайлоо жөнүндө мыйзамга туура келбейт. Мыйзам боюнча абакка кесилген жаранга чыгарылган соттун өкүмү күчүнө кирсе, ал президенттикке талапкер боло албайт. Айыпталуучуга өкүм чыга элек болсо ал шайлоого талапкер катары катыша алат. Президенттикке талапкерлигин көрсөткөн жаран шайлоочулардын 30 миңден кем эмес колун топтошу керек. Жаш курагы, тил билүүсү текшерилип президенттикке талапкер болуп каттала алат", - деди Бекматов.

Эскерте кетсек, "Ата Мекендин" лидери Өмүрбек Текебаевге 25-февралда Башкы прокуратура тарабынан кылмыш иши козголду. Орусиялык ишкер "Текебаев 2010-жылы менден 1 миллион доллар алган" деп көрсөтмө берген. Европадан Бишкекке Стамбул аркылуу учуп келген Текебаев 26-февралда "Манас" аэропортунан УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалып, 27-февралда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынган. Депутат 25-апрелге чейин камакта болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -4 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: