ЖЫЛНААМА, 6-МАРТ: 71 жыл мурун Орусиядагы тоннелде поезддер сүзүшүп, 20 киши көз жумган

Мындан 71 жыл мурун, 1946-жылы 6-мартта Орусиянын Байкал көлүнүн жээгиндеги темир жол тоннелинде жүргүнчү ташуучу поезд менен жүк ташуучу поезд сүзүшкөн. Натыйжада 20 адам каза болуп, 29 киши ар кандай жаракат алган. Жүк ташуучу поезддин машинисти тоннелге кирүүгө тыюу салып жаткан сигналды байкабай калып, ага кирип кеткен. Артынан келе жаткан жүргүнчү ташуучу поезд анын арткы бөлүгүн сүзүп, өрт чыккан.
Жүк ташуучу поездде өрткө каршы системдин иштебей калышына байланыштуу өрттү өчүрүүгө мүмкүн болбой калган. Мындан улам кондукторлор курамы вагондорду бири-биринен ажыратып, аман калган жүргүнчүлөрдү тоннелден алып чыгышкан.
6-мартка карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
15:33
2025-07-17
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.