МЕДИА-ПОРТАЛ: "Айганыш" клибинин популярдуу болушуна татынакай кыздын тартылганы себеп" дейт Аваз Акимов




2008-2009-жылдары Аваз Акимовдун "Айганыш" ыры популярдуу ырлардын катарын толуктаган. Ал эми ага тартылган клип да байма-бай телеканалдардан берилип турган. Аваз Акимов клип тууралуу: "Клиптин ийгилигинин сыры андагы сулуу кыздын катышканы жана карапайым айыл турмушун көрсөткөнүбүз болду окшойт", - дейт.
"Клип "Манас" аэропорту тараптагы айылдардын биринде тартылган. Айыл турмушуна ылайыктап атайын кийимдерди да ошол жерден тапканбыз. Ал эми клиптеги башкы каарман кызды режиссёр тандаган. Ал кезде жаш болчумун, өзүм да айылдык жигит болгондуктан ашык болгон жигиттин образын берилүү менен аткаргам десем болот. Ошол жылдары бул чыгарма хит болот деп ойлогон эмесмин. Андагы татынакай кыздын образы, айылдын турмушу калыӊ элге жакын болду окшойт, абдан жылуу кабыл алышты, популярдуу болгонуна да ушул нерселер себепчи болгон деп ойлойм. Көпчүлүк ал кызды жакшы көрүшүп, ал тууралуу улам менден сурай беришкен", - дейт А. Акимов.
Аваз Акимовдун "Айганыш" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.



. Утур точкасына чейин ошол кишиники. Уялбай авторумун деп кантип журосун билбейм
obonu syimyk beishekeev dep turatko
Сен Кара-кулжадансыңбы?
Ырга базар жок!