Түркияда орус элчиси Карловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген орусиялык аял кармалды
Орус элчиси Андрей Карловдун өлүмүнө катыштыгы бар делген 33 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу түркиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка караганда, Екатерина аттуу Орусиянын жараны 2016-жылдын ноябрь айында элчини аткан Мевлют Мерт Алтынташ менен WhatsApp аркылуу жазышканы аныкталган. Ошондой эле ал Анкарадагы орус маданият борборуна да телефон чалган. Учурда ал камакка алынып, иликтөө иштери жүрүп жатат.
Эскерте кетсек, 2016-жылдын 19-декабрында Орусиянын Түркиядагы элчиси Андрей Карловго куралчан адам ок атып, дипломат окуя болгон жерден каза тапкан. Элчиге ок чыгарган Мевлют Мерт Алтынташ ошол жерде полиция кызматкерлери тарабынан өлтүрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
13:47
2025-07-18

10:29
2025-07-18
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
meni_kut

07.03.2017. 10:23
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оздорун актаганга аракет кылып аткан го.Орусиянын алдында уят болушту оздорунун милициясы атып салып.Бул аял чын эле тиешеси бар бекен.Булар тактабай туруп куноолой беришет.Яхьяны паспортун таратышты,дагы бир туркменди террористке окшоштуруп Эли сабап салышты,чын куноокор табылганча.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.