super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 7-МАРТ: 18 жыл мурун тасмаларында коркунучтуу учурду укмуштуудай чагылдырган америкалык режиссёр Стенли Кубрик каза болгон

 

Мындан 18 жыл мурун, 1999-жылы 7-мартта америкалык жана британиялык кинорежиссёр, фотограф, продюсер Стенли Кубрик 70 жашында "Жабылган көздөр менен" аталыштагы тасмасынын монтажын бүткөндөн кийин уктап жаткан жеринен жүрөк оорусу кармап, каза болгон. Ал 1928-жылы 26-июлда АКШнын Нью-Йорк штатындагы Манхэттен шаарында жарык дүйнөгө келген.

Анын "Спартак", "Лолита", "Барри Линдон" жана башка белгилүү тасмаларынын ичинен "Жаркыроо" тасмасы бардык мезгилдин эң коркунучтуу жана таасирдүү тасмасы деп табылган. Америкалыктарды калтыраткан бул тасмада акылынан адашкан жазуучу өз үй-бүлөсүн өлтүргөнү тууралуу баяндалат. Стивен Кингдин романынан алынып, Стенли Кубрик тарткан бул фильм 2003-жылы "100 коркунучтуу тасманын эң мыктысы" аталса, 2004-жылы "Хоррор жанрындагы мыкты тасма" деп табылган. 2005-жылы коркунучтуу учурларды укмуштуудай чагылдырганы үчүн сыйлыкка ээ болгон. Айрым учурларда тасманын таасиринен кинотеатрларда көрүүчүлөр эстен танып жыгылганга чейин барышкан.

7-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: