super.kg logo

ТЕСТ: 10 жашында "маданияттын мыктысы" аталган ким?

 

6-мартта президент Алмазбек Атамбаев жүздөн ашык адамга мамлекеттик сыйлык тапшырды. Өлкөдө кандай сыйлык, наамдар бар экенинен, аларды кимдер берип, кимдер алып жатканынан кабарыӊыз барбы? Бүгүнкү тест наамдар жөнүндө.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Эл аралык "Turkvizyon" сынагынын жеӊүүчүсү Жийдеш Идирисовага өкмөт кандай наам берди?

Жийдеш Идирисовага наам берилген жок. Эл аралык сынактарда Кыргыздын намысын коргогон ырчылар бааланбай жатканын жакында продюсер Алексей Сидоров айтып чыкты.

Кийинки суроо


Даӊк медалын
Наам берилген жок
"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин

"Акылымдан айнып эле калбасам, наам бергиле деп өкмөткө басып барбайм". Муну ким айткан?

Куудул Абдылда Иманкулов ММКларга берген маегинде "акылымдан айнып эле калбасам, наам сурап өкмөткө басып барбайм" деген. Куудулдун айтымында, өнөр адамдарынын наамды суранып алганы туура эмес. Өкмөт татыктууларды өзү тандашы керек.

Кийинки суроо


Тынар Курбаналиев, куудул
Аалы Туткучев, төкмө акын
Абдылда Иманкулов, куудул

Булардын кимиси Кыргыз Республикасынын Баатыры?

Дооронбек Садырбаев 2008-жылы каза тапкан. 2010-жылы ага "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Кийинки суроо


Дооронбек Садырбаев
Казат Акматов
Байдылда Сарногоев

Жарандарга көзү өткөндөн кийин наам берилеби?

Жарандарга көзү өткөндөн кийин наам берилет. Мисалы, мамлекеттик ишмер Абсамат Масалиевге, манасчы Жусуп Мамайга "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы көзү өткөндөн кийин берилген.

Кийинки суроо


Жок
Ооба
Согуштун катышуучуларына гана берилет

2016-жылы түзүлгөн "Курманжан датка" орденин эӊ биринчи ким алды?

2016-жылы түзүлгөн "Курманжан датка" орденинин биринчи ээси - Германиянын канцлери Ангела Меркель. Сыйлыкты президент Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын февраль айында Европадагы иш сапарынын алкагында тапшырды.

Кийинки суроо


Германиянын канцлери Ангела Меркель
Актриса Жамал Сейдакматова
Экс-президент Роза Отунбаева

"Манас" орденинин канча даражасы бар?

Ордендин 3 даражасы бар. “Манас” ордени менен мамлекетти жана демократиялык коомду, элдин биримдигин коргоого жана чыңдоого, өлкөнүн экономикалык, руханий жана интеллектуалдык потенциалын арттырууга кошкон зор салымы үчүн жарандар сыйланат.

Кийинки суроо


Бир
Эки
Үч

Жаш манасчы Үмөт Дөөлөтов ...

Жаш манасчы Үмөт Дөөлөтов 2015-жылы "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси менен сыйланган. Сыйлык тапшырылганда ал 10 жашта эле. Учурда 12де.

Кийинки суроо


... наам ала элек
... Маданиятка эмгек сиӊирген ишмер
... Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси

Сунушталган тизмени карап, кимге сыйлык берсе болорун же болбосун чечүүчү орган?

Наам алуу жөнүндө документтер алгач Маданият, маалымат жана туризм министрлигине тапшырылат. Министрликтеги атайын топ наам алууга татыктуу дегендерди президентке караштуу мамлекеттик сыйлыктар боюнча Комиссиянын катчылыгына жиберилет. Комиссиянын элегинен өткөн адамга гана наам берилет.

Кийинки суроо


Өкмөттүк аппарат
Президенттин алдындагы комиссия
Маданият министрлиги

Өлкөдө Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзам качан кабыл алынганын билесизби?

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыктар жөнүндө мыйзамы президент Аскар Акаевдин тушунда, 1996-жылы кабыл алынган.

Кийинки суроо


2007-жылы
2011-жылы
1996-жылы

Кайсы төш белги башка ордендердин үстү жагына тагылат?

"Кыргыз Республикасынын Баатыры” даражасына ээ болгон адамга “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси тапшырылат. “Ак Шумкар” өзгөчө белгиси сол төшкө Кыргыз Республикасынын ордендери менен медалдарынын үстү жагына тагылат.

Кийинки суроо


I даражадагы Манас ордени
"Ак шумкар" өзгөчө белгиси
"Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгиси

Өлкөдө эң жогорку сыйлык кайсы?

Мыйзамда “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасы мамлекет менен эл алдындагы өзгөчө жеке сиңирген эмгеги, Кыргыз Республикасынын эркиндигинин жана көз карандысыздыгынын урматында баатырдык эрдик жасаганы үчүн жарандарга ыйгарылат" деп жазылган.

Кийинки суроо


Кыргыз Республикасынын Ардактуу атуулу
Кыргыз Республикасынын Баатыры
Кыргыз Республикасынын Эл ишмери

Ырчылар умтулган жогорку наам?

“Кыргыз Республикасынын эл артисти”. Бул наам эл оозуна алынган өзгөчө көрүнүктүү көркөм образдарды, спектаклдерди, телефильмдерди, кинофильмдерди, концерттик, эстрадалык чыгармаларды жараткан артисттерге, композиторлорго, дирижёрлорго, режиссёрлорго, төкмө акындарга жана башкаларга берилет.

Кийинки суроо


Эл артисти
Эл адамы
Эл сыймыгы

Кайрат Примбердиев наам алуу боюнча эмне деп айткан?

"Голос" долбоорунун финалчысы Кайрат Примбердиев Кыргыздын желегин чет өлкөдө желбиретип жатат. Бирок наам берилген жок. Бул тууралуу өзү ММКларга: "Мага Эл артисти, Эмгек сиӊирген артисти наамын беришсе деле албайм. Анткени менден кыйындар алыша элек. Мага "Маданияттын мыкты кызматкери" деген төш белги берип коюшса, ошого ыраазы болуп калмакмын" деген.

Кийинки суроо


"Эмгек сиӊирген артист" наамына татыктуу элемин".
"Жакында Эл артисти наамын аларыма ишенем".
"Эл артисти, Эмгек сиӊирген артисти наамын беришсе баш тартам".

Канча бала төрөп, тарбиялаган эне "Баатыр эне" наамын ала алат?

"Баатыр эне" наамы 7 же андан көп бала төрөп, тарбиялагандарга берилет. Эгерде 7 баласынын бири кылмыш кылып соттолсо, ал эне "Баатыр эне" наамын ала албайт.

Кийинки суроо


4 же 5 бала
6 бала
7 же андан көп бала

Ырчы Гүлжигит Калыков азыркы учурда кайсы наамдын ээси?

Президенттин 2016-жылдагы жарлыгы менен бир катар чыгармачыл адамдарга мамлекеттик наамдар берилди. Алардын катарында Гүлжигит Калыков "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти" наамын алды.

Кийинки суроо


Эмгек сиӊирген артист
Маданияттын мыкты кызматкери
Маданиятка эмгек сиңирген ишмер

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(12)
10.03.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кайрат молодец,эн туура соз айтыптыр.Топуктуу адам мына ушундай болот,чыгармычылыкка умтулат,наамга эмес.
Г.К.дай болуп наамга жанталашпай.
10.03.2017. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Абдылда агабыз жайлаптырго
10.03.2017. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Наамдарды жакшы билбейт экенмин 54 балл
10.03.2017. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир жолу ойноп кордум ,бир канча каталар болду.Кайра бир чыгып, кайра кирип ойнодум ,100 упай топтой алдым.
Сизда бир канча ирет ойноп корун жаттап,
Билип алас ТУУРАБЫ?...!!!!
10.03.2017. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Коптон бери чет жакта иштеп журуп маданият жанылыктарынан да саясат жанылыктарына кызыгуугучулук таанытканымдын эсесине 60 гана упай топтой алдым.
10.03.2017. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
80 упай
10.03.2017. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
94 балл
10.03.2017. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайрат менен Жийдештин наамга илешпей калганына жаман ичим ачышты. Мээнеттин ушинтип бааланбай калганы жаман да. Кыргызды даӊктады го 1 жыл бою. Бир барак мактоо баракчасын берип коюшса кийинкиде дем берет эле го. Эхх. Тесттен 94 упай алдым
10.03.2017. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
74 упай.
10.03.2017. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
67 упай
10.03.2017. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
74 упай
06.12.2017. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазыштан да уялдым,47 упай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: