super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 8-МАРТ: 105 жыл мурун кыргыздын тунгуч актрисасы Айша Карасаева төрөлгөн

 

Мындан 105 жыл мурун, 1912-жылы 8-мартта кыргыздын тунгуч актрисасы, белгилүү илимпоз Кусейин Карасаевдин жубайы Айша Карасаева (Түмөнбаева) Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Талды-Суу айылында туулган. Ал 1927-жылы "Жабык араба" фильминде башкы ролду жараткан кыргыз киносунун тарыхындагы биринчи аял. Бул кинодо Айжамалдын ролун ойногон.

1927-жылы аталган айылга Ташкенттен жана Москвадан тартуучу топ “Жабык араба” фильмине башкы каарманды издеп келип калат. Режиссёр шамдагай, сулуу кызды көрүп, аны тасмага тартылууга чакырган. Башында Айша тартынып, өзүн жоготкону менен, бара-бара баарын өздөштүрүп кеткен. Ага мажбурлап күйөөгө чыккан Айжамал аттуу кыздын ролун ойношу керектигин түшүндүрүшкөн. Ал кыргыз киносунун тарыхында башкы ролду жараткан биринчи аял болгон.
Айша Карасаева педагогикалык техникумдан билим алган. Кыргыз драматургиясынын алгачкы драмасы - Молдогазы Токобаевдин "Кайгылуу Какей" чыгармасындагы Какейдин бейнесин биринчи болуп жараткан. Көп жылдар бою Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүндө сабак берген. 2011-жылы ал Даңк медалы менен сыйланган. Мындан тышкары ал 1960-жылы жарык көргөн стенография боюнча китептин автору болуп саналат.
1930-жылы Кусейин Карасаев менен баш кошуп, 70 жыл чогуу өмүр сүрүшкөн. Ал Кусейин Карасаевдин бардык илимий эмгектеринин редактору болгон.
Айша Карасаева 2014-жылы 10-сентябрда 102 жашында дүйнө салган. Аны акыркы сапарга узатуу зыйнаты 11-сентябрда Каракол шаарындагы Касымалы Жантөшев атындагы театрда орун алган.

8-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
08.03.2017. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериниз жаннатта болсун эже.
08.03.2017. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаткан жериниз жайлуу болсун Айша апа...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: