super.kg logo

Нью-Йоркто таштандыны туура салганы үчүн сыйлык берген урналар иштелип чыкты

 
Таштандыны бөлүштүрүүчү көзөнөктөр.

Таштанды маселеси ааламдашкан көйгөй болуп келе жатканы бүтүндөй адамзатына маалым. АКШнын Sencity компаниясы тазалык үчүн кызыктуу таштанды таштоочу челек иштеп чыкты. Көпчүлүк адамдар таштандыны жана тамак-аштын калдыктарын ар кай жерге таштап, ал тургай коомдук жайларга да ыргытып салышат. Бул көрүнүш өнүккөн мамлекеттердеги ири шаарлардын да жашоочуларын кыжырдантат.

Сөз болуп жаткан смарт-урнанын аталышы TetraBIN. Анын таштанды салуучу жеринде 3 тешик коюлган. Бул тешиктер таштандыны желим, кагаз же башка түрүнө карап бөлүштүрүү үчүн. Урнаны каптап турган экрандан сиз салган таштанды бышырылган тоок этине айланат. Экранга болсо көк майсаңдын үстүндө жарганаттар жана "Мага тамак бер" деген күчүк түшүрүлгөн. Эгер колдонуучу таштандыны туура көзөнөккө салса таштанды тоок этине айланып, күчүк аны жеп курсагы тоёт. Ал эми туура эмес көзөнөккө салып алса, тоок этин жарганаттар илип кетет. Бул көрүнүш колдонуучу үчүн кыйла кызыктуу. Бирок смарт-урна ушуну менен эле чектелбейт, ал таштандыны туура таштаганы үчүн сыйлык да берет. Кантип? Эгер адам таштандыны туура таштап, жыйынтыгында ачка күчүк тоок эти менен камсыз болсо, ал адамга код берилет. Кодду колдонуучу TetraBIN'дин сайтына кирип активдештирет дагы, топтогон бонустарына жараша компаниядан түрдүү белектерге ээ боло алат.

Ошондой эле TetraBIN смарт-урналары 4G интернетине кошулган. Урнанын дисплейинен бир гана күчүктүн ары-бери басканын көрбөстөн, жарнамалык негиздеги жарыяларды, коомдук транспорттордун кыймылы жана маршруту (эгер урна аялдаманын жанына коюлса), аба ырайы сыяктуу маалыматтарды көрүүгө болот. Ошол эле 4G интернетинин жардамы менен, борбордук коммуналдык түйүнгө таштандыга толуп калгандыгы тууралуу сигнал да бере алат.

Белгилей кетсек, урналар АКШнын Нью-Йорк шаарына орнотула баштаганы маалым болду. Эгер экологияга бул урнанын аркасында туруктуу салым кошулса, дүйнөлүк рынокко да чыкмакчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(8)
08.03.2017. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык экен
08.03.2017. 12:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шумдук го тим эле. Адамдан амал качып кутулбайт деген ушубу а?
08.03.2017. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
08.03.2017. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы
08.03.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+12
бизге коюлса урна-пурнасы менен которуп кетишмек,уйдо бирдемеге жарап калаар деп)
08.03.2017. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми таштандыга чейин интернеттешип кетебизби ошондо. Таштандыны туура ташташ учун уйго да уч таштанды челек колдонуш керек да,же мусордун жанына барып сортировка кылабы антарып э, таак сен бул жакка сен тиякка деп
08.03.2017. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таштанды баштыкка 4G интернет кошулганы мага жакты Биздин Ош шаарыбызда 4G интернет жакшы эмеско
01.04.2017. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ММ бизге 4G урнага эмес телефондо жакшы иштей турган кылып беришсе жакшы болмок
machobek17 түзөттү 2017-04-01 23:02:07
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: