super.kg logo
  Саясат  

Президент металл аралашпаган бош кыртыштын жылышын чечүү үчүн "Кумтөргө" атайын комиссия жөнөтүү боюнча өкмөткө тапшырма берди

 

2-майда президент Алмазбек Атамбаев өлкөнүн премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев менен “Кумтөр” кениндеги металл аралашпаган бош кыртыштын жылышына байланыштуу жагдайды талкуулады. Бул тууралуу Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет. Өкмөт тарабынан  түздөн-түз Кумтөр кенине атайын комиссия түзүлүп, аны жөнөтүү тууралуу чечим кабыл алынды.  Атайын комиссия  тез арада кен иштетүүчү жердеги жагдайды изилдеп, металл аралашпаган тоотек катмарынын жылышынын экологиялык жана өнөр жай коопсуздугуна тийгизген таасиринин деңгээлин аныктап, бул  маселени чечүү боюнча тиешелүү сунуштарды киргизмекчи. Ошондой эле комиссия "Centerra Gold" компаниясынын менеджментинин аракеттерине дагы баа берүүгө тийиш экендигин баса белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: