super.kg logo

ТЕСТ: Аксыдагы кандуу окуя эсиӊиздеби?

 

Тарыхты эстөө, фактыларды, окуяларды эс-тутум элегинен өткөрүп туруу ашыктык кылбайт. Бүгүн, 17-март - каргашалуу Аксы окуясы чыккан күн. Кыргыздын бүтүндүгү, эркиндик, акыйкаттык үчүн аксылык эр-азаматтар окко учушкан. Кыргыздын урпагы катары бул окуяны биле жүргөнүбүз оӊ. Кезектеги тест...






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

15

Аксы окуясында жабыркагандар өкмөттөн кандай жардам алышат?

Аксы окуясында жабыркагандарга бүгүнкү күндө ай сайын социалдык жөлөк пул берилет. Мурда 2115 сомдон жөлөк пул алышса, 2015-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен жөлөк пулдун суммасы 3700 сомго жеткен.

Кийинки суроо


Бир жылда бир жолу акчалай жардам берилет
Эч кандай жардам жок
Ай сайын жөлөк пул алышат

Кыргыз жеринде 17-март "кызыл датабы"?

Темир Сариев өкмөттү жетектеп турганда Аксы окуясы жана 24-март революциясы жыл сайын белгиленсин деген өкмөттүн токтому чыккан. Бирок 17-март - өлкөдө дем алыш күн эмес.

Кийинки суроо


Ооба
Жок
Быйыл гана дем алыш күн

Сүрөттөгү монумент кайсы жерде?

Монумент аталган каргаша орун алган жерге коюлган. Бул жер "Шейит мазары" деп аталат. Боспиек айылы. Бул жерде жыл сайын окуяда курман болгондор эскерилип, куран окулат. Бийлик өкүлдөрү, маркумдун жакындары эстеликке гүл чамбар коюшат.

Кийинки суроо


Бишкек, Ата-Бейит комплексинде
Аксы, Кара-Суу айылында
Аксы, Боспиек айылында

Аталган окуя учурунда өлкөдө премьер-министр ким эле?

Аксы окуясы болгон учурда президент Аскар Акаев, премьер-министр Курманбек Бакиев эле. Окуядан кийин премьер Аксыга барып, каза тапкан жарандардын үйлөрүндө куран окуп кайткан. Президент өзү район борборуна барганы менен, айылдарга барган эмес.

Кийинки суроо


Курманбек Бакиев
Николай Танаев
Данияр Үсөнов

Аксы каргашасында канча адам жаракат алган?

Маалыматтарга таянсак, каргашада жалпы 80дей адам түрдүү жаракаттарды алышкан.

Кийинки суроо


50дөй адам
30дай адам
80дей адам

22 күн ачкачылык кармап каза тапкан укук коргоочу?

Элдин бүтүндүгү үчүн Акаевдин бийлигине каршы чыгып, ошол кездеги депутат Азимбек Бекназаровду камакка алууга жана Кытайга берилген Үзөңгү-Кууш менен Аксы окуясына каршы пикирин айтып чыккан бир катар укук коргоочулар менен кошо Шералы Назаркулов ачкачылык кармап, 22 күндөн кийин дүйнөдөн кайткан.

Кийинки суроо


Медет Садыркулов
Мураталы Жуманов
Шералы Назаркулов

Бул монументтин Аксы окуясына тиешеси барбы?

Тиешеси бар. Монументке "Элдин эркиндиги үчүн 2002-жылы Аксы, 2010-жылы Апрель окуяларында курман болгондордун жаркын элесине" деп жазылган.

Кийинки суроо


Ооба
Жок
Монумент Апрель окуясына арналган

Экс-депутат, Аксы окуясынын "башкы каарманы"?

Үзөӊгү-Кууш маселесин көтөрүп чыккандан кийин бийлик ошол кездеги Жогорку Кеӊештин депутаты Азимбек Бекназаровду камакка алган. Бекназаров ал учурда Аксы округунан шайланган депутат эле. Эл өзүнүн депутатынын камактан бошотулушун бийликтен катуу талап кылышкан.

Кийинки суроо


Өмүрбек Текебаев
Азимбек Бекназаров
Дооронбек Садырбаев

17-март: өкмөт Аксыда кайсы операцияны ишке киргизген?

Маалыматтарга таянсак, массалык баш аламандыкты жөнгө салуу үчүн 17-мартта кечинде ошол кездеги ички иштер министри Темирбек Акматалиев тарабынан "Тайфун" операциясы киргизилген. Мындан тышкары аймакта административдик имараттарды коргоого "Буран" деп аталган операция да колдонулган.

Кийинки суроо


"Блокада"
"Тайфун"
"Ураган"

Элге ок атууга буйрукту ким берген?

Так жообу жок. Аксы окуясына саясий баа берилгени менен, бүгүнкү күнгө чейин укуктук баа берилбегени коомчулукта сындалып жүрөт. Окуядан жабыркагандар да ушул пикирде. Элди атууга буйрукту ким берген? Бул өӊдүү суроолорго так жооп айтылбай келет.

Кийинки суроо


Белгисиз
Аскар Акаев
Курманбек Бакиев

Үзөӊгү-Кууш - Аксыдагы жайлоо. Туурабы?

Үзөӊгү-Кууш Нарын облусунда жайгашкан, Кытай менен чектешкен аймак. Акаевдин тушунда Кытайга берилип кеткен.

Кийинки суроо


Жок, Нарында
Ооба, Аксыда
Үзөӊгү-Кууш Алайкууда

Каргаша болгон күнү канча киши өлгөн?

Аксы окуясы болгон күнү 6 адам каза тапкан. Алар: Кадыркул Сапаралиев, Эркиналы Четинбаев, Сатинбай Үркүнбаев, Советбек Тагаев, Элдияр Үмөталиев жана Медетбек Бекмуратов. Кийин каза болгондор да бар. Ондогон адамдар жаракат алышкан.

Кийинки суроо


8 киши
11 киши
6 киши

Окуянын келип чыгышынын түпкү себеби?

Кыргыздын жери - Үзөӊгү-Кууштун жеӊ ичинен Кытайга өтүп кетиши Аксы окуясынын түпкү себеби болгон. Бул маселени көтөрүп чыккандарга бийликтен саясий куугунтук жасалып, айрымдары камакка алынган. Аксы эли Үзөӊгү-Кууштун берилишине каршы көтөрүлүп чыгып, ошол эле учурда Аксы аймагынан шайланган депутатты камактан бошотууну талап кылышкан.

Кийинки суроо


Үзөӊгү-Кууштун Кытайга берилип кетиши
Каркыранын Казакстанга өтүп кетиши
Президенттин Аксы элин мазакташы

Аксы окуясы кайсы жылы болгон?

Аксы окуясы 2002-жылы болгон. Бийликке нааразы болуп район борборуна тынчтык митингин өткөрүүгө бараткан карапайым элди жарым жолдон милиция тосуп, кырдаал курчуганда элге карай ок атылган.

Кийинки суроо


2001-жылы
2002-жылы
2003-жылы

Аксы району кайсы облуста?

Аксы району Жалал-Абад облусунда жайгашкан. Деӊиз деӊгээлинен 1200 метр бийиктикте. Райондун борбору - Кербен шаары. Райондо 11 айыл өкмөтү бар.

Кийинки суроо


Ысык-Көл облусунда
Баткен облусунда
Жалал-Абад облусунда

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(14)
17.03.2017. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Биринчисинде 74%пайыз болду Админ ушундай тесттерди кобуроок уйуштурсанар жакшы болмок,билбегенди билип алмакпыз,
17.03.2017. 09:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
4 тапбай калдым бирок билбегенимди билип алдым ушундай тестерди жума сайын чыгарып турсанар жакшы болмок
egiz-jigit түзөттү 2017-03-17 09:54:10
17.03.2017. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Уят эле жарымын аран таптым
17.03.2017. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Мен 54 эле балл алдым,көп нерсени билбейт экенмин. Эң сонун тест,дагы күтөбүз.
17.03.2017. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен аксы акуясы жөнүндө көптү билем деп жүрсөм билбегендеримда бар турбайбы..2 сроого туура эмес жооп берип калдым
17.03.2017. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
54 балл...Билбесен билип алат экенсин,рахмат.Даагы кутобуз.
17.03.2017. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
4ону таппай калдым жакшы бирок билип калдым
17.03.2017. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
74 балл.
Ушундай урунттуу окуялардан тест жарыялап жакшы иштепсинер.
17.03.2017. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
80 балл
17.03.2017. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн эле аз меники го ...айтпай эле коеюнчу балымды ( уялган быйтыкча)
17.03.2017. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jooshbala,мен балым сенден да ааз болду оюмча (((
17.03.2017. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
47 упай уят шарманде
17.03.2017. 21:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4 ката 11 туура
19.03.2017. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
74 бал(:
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: