super.kg logo

Талас районунун айымдары 8-Март - Аялдардын эл аралык күнүнө карата “Альянс Алтын” компаниясынан белектерди алышты

 

“Альянс Алтын” компаниясы 8-Март - Аялдардын эл аралык майрамына карата Талас районунда өткөрүлгөн майрамдык иш-чараларга катышты. Талас райондук мамлекеттик администрациясы менен биргеликте “Көк-Ой” айылынын маданият үйүндө айымдар үчүн майрамдык, концерттик программа уюштурулуп, Баатыр энелерге, көп балалуу турмуш-шарты начар айымдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга күнүмдүк турмуш-шартта өтө керек болгон азык-түлүктөр салынган баштыктар тапшырылды. Ушундай эле белектерге Талас районунун Бекмолдо айыл аймагынын айымдары дагы ээ болушту. “Альянс Алтын” жалпысынан бул күнү район аймагында жашаган 200дөн ашык аялзатына камкордук көрсөттү.

Урматтуу аялзаты! Сиздер үй-бүлөнүн куту, очок ээси, коомдун эң ажарлуу бөлүгү катары өлкөнүн өнүгүшү үчүн ат көтөргүс жүктү моюнга алып, чымырканып эмгектенип келесиздер. Сиздерге бекем ден соолук, жарык маанай, тынч жана бакубат жашоо каалайбыз!

Урматтоо менен, “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коому.


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(1)
10.03.2017. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майрам куну ушунтип жакшы маанай тартуулаган учун рахмат ))) Азаматсынар ,ийгилик !!! Мекемелердин жечекчилери ушул макаланы окуп аларда Баатыр энелерге, көп балалуу турмуш-шарты начар айымдарга, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген аялдарга колунан келишинче жардам корсотуп койсо жакшы болмок .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: