super.kg logo

МЕДИА-ПОРТАЛ: Жумагүл Райымжан кызы жөнөкөй көрүнгөн "Суктанам" ырынын клиби кыйынчылыктар менен тартылганын айтат

 

"Медиа-портал" бөлүмүндөгү Жумагүл Райымжан кызынын "Суктанам" ырынын клиби тууралуу SUPER.KG порталынын колдонуучулары көптөгөн жылуу пикирлерин билдиришкен. Ырчы клип январь айында тартылгандыктан суукта үшүп калганын айтат.

"Чыгарманын аранжировкасы 1980-жылдардын стилинде жазылгандыктан режиссёрдун чечими менен сюжети жок клип тартууну чечкенбиз. Ашыкча каармандар жок, сюжетсиз, жөнөкөй тартылганына карабай көп эле кыйынчылыктар болгон. Январь айынын алгачкы суук күндөрүндө тартылган. Андыктан чоӊ студияда жука көйнөкчөн аябай үшүп калганбыз. Катуу оорубасак да, ден соолукка терс таасирин тийгизет эмеспи", - дейт ырчы.

Ошондой эле ырчы чыгарманы ыр күйөрмандары, жаштар жылуу кабыл алганын, эмгеги текке кетпегенин кошумчалай кетти.

Жумагүл Райымжан кызынын "Суктанам" ырынын клибин бул жерден көрүӊүз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
09.03.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы.... ушу ырчы аябай жагат да мага......жөнөкөй, сулуу, ырларды да жакшы тандайт, үнү бир соонун.
Чыгармачылыгына чооң ийгилик.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: