super.kg logo
  Спорт  

ЖЫЛНААМА, 10-МАРТ: "Челси" футболдук клубунун негизделгенине 112 жыл болду

 

Мындан 112 жыл мурун, 1905-жылы 10-мартта Лондондо "Челси" футболдук клубу негизделген. "Челси" клуб болуп түзүлгөн күндөн тарта 50 жыл аралыгында эч бир жетишкендиктерге жеткен эмес. Жарым кылымдагы ири ийгилиги Англиянын Кубогунда 2-орунду ээлегени болгон. Бул ийгиликсиздикти Тед Дрейк аттуу машыктыруучу токтотуп, 1955-жылы Англиянын чемпиондугун уткан. Клуб өзүнүн тарыхында акчага байланыштуу көп кыйынчылыктарды басып өтүп, 1980-жылдары экинчи дивизионго түшүп кеткен. 1990-жылдары кайрадан Жогорку Лигага кайтып келип, Англия Премьер Лигасынын баштапкы командаларынын бири катары тарыхка кирген.

2003-жылы орусиялык олигарх Роман Абрамович клубду 97 миллион долларга сатып алган. Эмнеге "Челси"? Анткени ошого чейинки 10 жылдыкта Кубоктун көбүн "Арсенал" менен "Манчестер Юнайтед" бөлүп келген. Аны атаандаштык түзүүнү каалаган дешет. Бир чети "Челси" Англия Премьер Лигасында 4-орунду ээлеп, УЕФАнын ЧЛсына чыкканына карабай, чечиле элек каржы маселеси бар болгон. Ушул жагдайларды эске алган калың чөнтөктүү Роман клубду сатып алуу үчүн 20 мүнөт ойлонуп отуруп, чечим чыгарган.
Челси 5 жолку Англиянын чемпиону, Футболдук ассоциациянын кубогун 7 ирет, Футболдук лиганыкын 5 жолу утуп алган. Ошондой эле УЕФАнын лигасын, УЕФАнын кубок ээлеринин кубогун, УЕФАнын Европа лигасын, УЕФАнын супер кубогун жеңген.
10-мартка карата жылнаама





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: