super.kg logo
  Саясат  

Түштүк Кореяда президенттин тарапташтары менен каршылаштарынын ортосунда кагылышуулар жүрүп жатат

 
Түштүк Кореянын президенти Пак Кын Хе

Бүгүн, 10-мартта Түштүк Кореянын Конституциялык соту президент Пак Кын Хеге болгон импичментти кабыл алганына байланыштуу Сеулда башаламандык башталды. Учурда президенттин тарапташтары менен каршылаштарынын ортосунда кагылышуулар орун алууда. Алдын ала маалыматтарга ылайык, мындан улам 2 адам каза тапты.

Эскерте кетсек, өткөн жылы 9-декабрда өлкөнүн парламенти президенттин паракорлук ызы-чуусунан улам ага импичмент жарыялаган. Соттун чечими жергиликтүү YTN телеканалында бүгүн жарыяланган. Бардык 8 сот тең импичмент үчүн добуш беришкен.

Пак Кын Хе өлкөнү башкаруу кызматынан такыр бошотулат, 60 күндүн ичинде жаңы президент шайланышы керек. Эгер импичмент кабыл алынбаса, анын башкаруу мөөнөтү 2018-жылы бүтүп, президенттик шайлоо 20-декабрда болмок. Түштүк Кореянын президентинин айланасындагы жаңжал анын жакын курбусу Цой Сун Силь "мамлекеттин ишине кийлигишти" деп кармалгандан кийин тутанып, Пак Кын Хенин отставкасын талап кылган ири митингдер өткөн.

Учурда Цой Сун Силь камакта. Азырынча өлкө башчынын милдеттерин премьер-министр Хван Гё Ан аткарууда.






Түштүк Кореядагы тополоң (10-март. 2017)

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: