super.kg logo
  Саясат  

Парламентте мектептерди 12 жылдык билим берүүгө өткөрүү маселеси каралды

 

Бүгүн, 10-мартта парламентте КСДП фракциясынын жыйынында депутат Данияр Аттокуров 11 жылдык билим берүүдөн 12 жылдыкка өтүү жөнүндөгү маалыматтардын канчалык чын, төгүнү бар экенине кызыкты.

Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева бул маселе татаал маселе экенин айтты.

"Азыркы учурда Казакстанда, Орусияда 12 жылдыкка өтүүгө даярдык иштери жүрүүдө. Мындай реформанын башкы максаты – окуучуларга болгон оорчулукту жеңилдетүү болуп саналат. 12 жылдыкка өтүү бир күндүк маселе эмес. Бул багытта комплекстүү иштерди жүргүзүү зарыл. Орточо эсептегенде даярдыкка 1 жылдан 3 жылга чейинки убакыт керек", - деди министр.

Кудайбердиеванын маалыматына таянсак, өлкөдө бир да медресенин билим берүү ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө лицензиясы жок. Медреселер муфтиятка баш ийет, окуу программасын муфтияттын алдындагы Уламалар кеӊеши бекитет. Медреседе тарых, кыргыз тили, информатика сыяктуу предметтер да окутулары айтылды. Депутаттар медреселерди муфтияттын моюнуна гана жүктөп коюу туура эмес экенин айтышып, андагы билим берүүнү жалпы билим берүү программасына ылайыктаса болор-болбосун карап көрүүнү сунушташты.

Фракция жыйынында өлкөдөгү билим берүү системин реформалоо боюнча маалымат угулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: