АФК Кубогу: “Алай” Түркмөнстандын чемпиону “Алтын Асырга” жеңилип калды
Бүгүн, 14-мартта АФК Кубогунун тайпалык оюнунун алкагында Ош шаарындагы А.Сүйүнбаев атындагы стадиондо жергиликтүү “Алай” Түркмөнстандын чемпиону “Алтын Асыр” командасын кабыл алды.
Оюндун биринчи бөлүгүнүн соңунда коноктор эки мүнөт ичинде эки гол киргизгенге жетишти. Аннамурад Аннадурдыев 44-мүнөттө айырмаланса, 45-мүнөттө Акрам Умаров өз дарбазасына киргизип алды. Экинчи бөлүктө Акрам Умаров эсепти 1:2 кылганы менен “Алай” жеңилүү ызасын тартты.
Эске салсак, ушул эле тайпадагы “Истиклол” - “Дордой” оюну бүгүн Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында саат 19:30да өтөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
-1

Биздикилер куру кол