super.kg logo
  Саясат  

Президент Алмазбек Атамбаев ШКУнун башкы катчысын кабыл алды

 

Бүгүн, 3-майда президент Алмазбек Атамбаев Шанхай кызматташтык уюмунун башкы катчысы Дмитрий Мезенцевди кабыл алды. Мамлекет башчысы жаңыдан шайланган башкы катчы уюмдун алкагында  экономикалык кызматташууну мындан ары өнүктүрүү боюнча ШКУга мүчө мамлекеттеринин күч-аракеттерин бириктирерине ишенимин билдирди. Өз кезегинде Дмитрий Мезенцев Алмазбек Атамбаевди ушул жылдын күзүндө өтө турган Бишкек саммитине даярдыктын жүрүшү тууралуу маалымдады. “Мүчө мамлекеттер, байкоочу өлкөлөр Бишкек саммитинин күн тартибине кызыгып жатышат. Мунун өзү уюмдун ишине башка мамлекеттердин кызыгуусун далилдеп турат. ШКУ кадыресе торолуп, кадыр-баркы көтөрүлүүдө”, - деди ал. Дмитрий Мезенцев ошону менен бирге БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун менен үстүбүздөгү жылдын март айындагы жолугушуусу тууралуу маалымдады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: