super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 15-МАРТ: Белгилүү композитор Насыр Давлесов көзү тирүү болгондо 88 жашка чыкмак

 

Кыргыз Республикасынын гимнинин обонун жазган композитор, дирижёр Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер (1987-ж.), Кыргыз ССРнин эл артисти (1974-ж.) Насыр Давлесов 1929-жылы, 15-мартта Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кара-Булак айылында төрөлгөн. 1956-жылдан баштап Карамолдо Орозов атындагы Кыргыз улуттук аспаптар оркестринин башкы дирижёру, 1983-1985-жылдары Кыргыз опера жана балет театрынын башкы дирижёру болуп эмгектенген. Анын жетекчилигинде даярдалган концерттик программалар Канадада, Сирияда, Эфиопияда, Данияда, Швейцарияда жогору бааланган.

Композитор катары ал 200гө жакын обондун автору. Көптөгөн романс, хор, кантаталарды жетектеген. Музыкалык комедия сүйүүчүлөрүнүн эсинде Насыр Давлесовдун "Аста секин колукту", опералардан "Курманбек" калды десек болот. Гимндин обонунун авторлорунун бири, Кыргыз ССРинин эл артисти Насыр Давлесов 2011-жылы 12-июнда, 83 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

15-мартка карата жылнаама






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: