super.kg logo

ТЕСТ: Кыргыздын чоңдору канча жылга кесилген?

 

Кыргыз Республикасынын тарыхында саясий куугунтуктар көп болгону айтылып келет. Оор кылмыш боюнча күнөөлүү деп табылып, абакка отургузулган саясатчылар бийлик алмашкандан кийин эркиндикке чыккан учурлар бар. Бүгүнкү күндө айрым оппозиция өкүлдөрүнө карата кылмыш иштери козголуп, алар түрмөгө отургузулушу мүмкүн. Буга байланыштуу саясий серепчилер өлкөдө саясий куугунтук күч алды дешүүдө.

Сунушталган тесттен өтүп, саясатчылар жана чиновниктер кандай жазага тартылганын канчалык билериңизди текшерип алсаңыз болот.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

Данияр Нарымбаев канча жылга кесилген?

2015-жылдын 27-ноябрында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаев "алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 3 жылга эркинен ажыратылган. Ал Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан опузалап пара талап кылуу боюнча айыпталган. Бирок кийин УКМКнын тергөө абагынын башчысынын орун басары Данияр Нарымбаевди шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотууну өтүнгөн. 2016-жылдын 29-декабрында аталган сот бул өтүнүчтү канааттандырган.

Кийинки суроо


1 жыл 6 айга кесилген
3 жылга кесилген
10 жылга кесилген
Эркинен ажыратылган эмес

Ахматбек Келдибеков кандай жазага тартылган?

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Ахматбек Келдибеков Бишкек шаардык сотунун чечими менен мамлекеттин эсебине 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген. Ал Мамлекеттик салык кызматындагы ишинде жана Жогорку Кеңештин Москвадагы өкүлчүлүгүн ачуу ишинде “коррупция”, “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренелери боюнча айыпталган. Прокуратура Келдибековду 10 жылга түрмөгө отургузууну суранган эле.

Кийинки суроо


1 миллион сом айып пул салынган
Толук акталып чыккан
3 жылга эркинен ажыратылган
Мамлекетке 10 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген

Жогорку сот пара алып жаткан жеринен колго түшкөн Максат Чакиев боюнча кандай чечим чыгарган?

2015-жылы Туризм департаментинин мурунку директору Максат Чакиев 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Ал документтерди жасалмалоо жана пара берүү боюнча айыпталган. Биринчи Май райондук соту Чакиевди 6 жылга эркинен ажыраткан. Бишкек шаардык соту бул чечимди өзгөртүп, Чакиевди 3 жыл 6 айга эркинен ажыраткан. Ал эми Жогорку Сот аны камактан бошотуп, пара берүү боюнча гана айыптуу деп таап, ага 500 миң сом айып пул салган.

Кийинки суроо


3 жыл 6 айга кескен
6 жылга кескен
500 миң сом айып пул салган
Толук актаган

Мамлекеттик чыккынчылык боюнча күнөөлүү деп табылган Алтынбек Муралиев кандай жазага тартылган?

Өкмөттүн аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн мурунку башчысы Алтынбек Муралиев Бишкек шаардык сотунун чечими менен 22 жылга эркинен ажыратылган. Ал “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “мамлекеттик чыккынчылык” беренелери боюнча күнөөлүү деп табылган.

Кийинки суроо


Өлүм жазасына тартылган
Өмүр бою эркинен ажыратылган
Толук акталган
22 жылга кесилген

Мамлекетке 17,2 миллион сом зыян келтирген деп айыпталган экс-депутат Урмат Аманбаева кантип жазаланган?

Жогорку сот экс-депутат Урмат Аманбаеваны "кылмышка шериктеш болуу", "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча күнөөлүү деп таап, 3 миллион сом айып пул салып, абактан бошоткон. Буга чейин шаардык сот аны 9 жылга эркинен ажыратуу боюнча райондук соттун өкүмүн күчүндө калтырган эле. Экс-депутат "Ош облусундагы Кургак учук менен күрөшүү борборунун башкы эсепчиси болуп турганда мыйзамсыз иштерди жасап, мамлекетке 17 миллион 263,5 сом зыян келтирген" деп айыпталган.

Кийинки суроо


Мамлекетке зыян келтирген каражатты толугу менен кайтарууга милдеттендирилген
3 миллион сом айып пул салынган
17 жылга кесилген
9 жылга эркинен ажыратылган

2010-жылы Аскердик сот Исмаил Исаковду канча жылга кескен?

2010-жылы 11-январда мурдагы коргоо министри жана Коопсуздук кеңешинин мурунку катчысы Исмаил Исаков 8 жылга эркинен ажыратылган. Ал "Коргоо министрлигине тиешелүү 2 бөлмөлүү батирди офицер уулуна берип койгон" деген айып менен Бишкек аскердик гарнизондук соту тарабынан генерал-лейтенанттык чининен ажыратылып, 8 жылга кесилип, сот залынан камакка алынган. Ал эми 2010-жылдын 7-апрелиндеги элдик ыңкылаптан кийин Исмаил Исаков боштондукка чыгып, сот тарабынан акталган.

Кийинки суроо


Өмүр бою эркинен ажыратылган
15 жылга
8 жылга
2 жылга

Ак үйдүн дарбазасынан аттап түшкөн Камчыбек Ташиев канча мөөнөткө кесилген?

2013-жылы Жогорку Сот "ата журтчу" депутат Камчыбек Ташиевди 1 жыл 5 айга эркинен ажыраткан. Судья Бишкек шаардык сотунун депутатты актаган чечимин толугу менен жокко чыгарып, Камчыбек Ташиевге карата Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүп, "кылмышка шериктеш болуу" жана "бийликти басып алуу" боюнча күнөөлүү деп тапкан. Ага райондук сот чыгарган 1 жыл 6 айлык жаза өтөө мөөнөтү кыскартылып, 1 жыл 5 ай деп белгилеген.

Кийинки суроо


1 жыл 5 айга
Толук акталган
Өмүр бою эркинен ажыратылган
1 жылга

2001-жылы "темир генерал" Феликс Кулов канча жылга түрмөгө отургузулган?

“Ар-Намыс” партиясынын лидери, 4 жана 5-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты Феликс Кулов “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген берене боюнча 10 жылга эркинен ажыратылган. 2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолордун натыйжасында ошол убактагы бийлик кулатылган соң Кулов түрмөдөн чыгарылып, үч күн бою Бишкекте тартипти орнотууга баш-көз болгон.

Кийинки суроо


Өмүр бою эркинен ажыратылган
10 жылга
5 жыл 5 айга
Өлүм жазасына тартылган

Бишкектин экс-мэри Нариман Түлеев канча жылга кесилип, канча жылдан кийин эркиндикке чыккан?

Нариман Түлеев "2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келүү иштеринде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген” деп айыпталып, 2012-жылдын октябрь айында камакка алынган эле. 2013-жылы Бишкектин Ленин райондук соту аны коррупциялык иштер боюнча күнөөлүү деп таап, 11 жылга эркинен ажыраткан. 2016-жылы май айында Түлеевдин иши эки ирет мунапыска дал келип, ал сот тарабынан коюлган айыпты (келтирилген чыгымды) толугу менен төлөгөн соң эркиндикке чыккан.

Кийинки суроо


11 жылга кесилген, ал учурда түрмөдө
Түлеевдин сот иштери бүтө элек
20 жылга кесилген, 1 жылдан кийин чыккан
11 жылга кесилген, 4 жылдан кийин чыккан

Курманбек Бакиев канча жылга кесилген?

2014-жылы Бишкек гарнизонунун Аскердик соту 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча Курманбек Бакиевди күнөөлүү деп таап, үй-мүлкүн конфискациялоо менен өмүр бою эркинен ажыраткан.

Кийинки суроо


Сот иштери бүтө элек
20 жылга кесилген
Өмүр бою эркинен ажыратылган
Өлүм жазасына тартылган

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(18)
28.03.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
7туура
3ката
28.03.2017. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7 туура 70балл
28.03.2017. 18:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Саясат жонундо билбейт экенмин 3 туура
28.03.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
70 балл.1,3,8 дер ката болду.
KgEka түзөттү 2017-03-28 18:18:49
28.03.2017. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар жеген акчасынан да аз эле айып пул толоп чыгып кете беришкенго. Тоок уурдагандарды ото оор кылмыш деп камап койгула. Гумандуу соттор бизде иштейт экенда
28.03.2017. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-11
Курманбек Бакиев кесилген жок,ал биздин президент.Эгерде соттоп кескинер келсе алып келип соттоп кескиле анан ишенейин.Бакиев мырза айтмакчы бир да соттук суроо жооп даже через интернет кылса болот экен эле го.Эл барган жерге бийликтин куч органлар эмнеге бара алышбайт.Аскат Тейит деген неме күн алыс эле барат имиш го.Ошондуктан курулай жаман аттуу кыла бербегиле демекчимин.Бакиев эрке болгон сүрдүү болгон кийимдери соонун жарашып турган чон келип шөлбүробөй.
28.03.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 балл...Чондордун кобу эле моонотунон эрте бошотулуптур кысталак!Тааныш-билиш да бут эле."От звонка,до звонка"кылып коюш керек буларга озу!Бир аз болсо да коррупция азаймак!
28.03.2017. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТЕСТ: КЫРГЫЗДЫН ЧОҢДОРУ КАНЧА ЖЫЛГА КЕСИЛГЕН?

Сиздин упайыңыз

130
ТУУРА ЖООП: 13
КАТА ЖООП: 9


ТОЛУК МААЛЫМАТ: HTTPS://WWW.SUPER.KG/KABAR/NEWS/180237/
28.03.2017. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен 70упай топтодум
7 туура жооп
4 ката
28.03.2017. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Он суроо экен, тынчтык эле болсун элимде деп саясатчыларды жакшы окубаптырмын.Оз оюума келгенин белгилеп койдум 5.5 болду, бирок саясаттан бир ааз маалымат алып алдым. Дагы деле элиме тынчтык каалайм кимиси камалып кимиси калса да КЫРГЫЗ деген улут Кыргыз деген мамлекет бар болсун, элибиздин жашоосу онолуп ар бир уйдо кубанычтын нуру чачырап турсун.
28.03.2017. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
50 упай 5 туура 5 ката
28.03.2017. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
80 упай 8туура 2ката
28.03.2017. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7туура жооп 3ката.
28.03.2017. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
17.2 миллион жеп 3 толоп кутулуп кеткенин кантип тушунсо болот ???
28.03.2017. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакиевди омур брю эркинен ажыратты беле аны кармай албай жатышып???сот иштери буто элекго десем,,,,
28.03.2017. 23:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бүт эле талап тоногондор го
29.03.2017. 06:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5суроого туура жооп берип 50упай алыпмын
05.12.2017. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Төртөөнүн эле жообун билет экенмин.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
WWW.NET.KG
Биз социалдык тармактарда: