super.kg logo

MegaCom президенттин ыраазычылык катына татыктуу болду

 

Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев MegaCom компаниясына ыраазычылыгын билдирди. 2016-жылдын 3-сентябрынан 8-сентябрына чейин көгүлтүр Ысык-Көлдүн жээгинде II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары болуп өткөндүгү баарыбызга маалым. Мамлекетибиздин тарыхында кызыл сызык менен өтүп турган бул иш-чара элибиздин маданиятын, каада-салтын дагы бир ирет дүйнө жүзүнө таанытты. Эбегейсиз мааниге ээ болгон маданий мааракени өткөрүүдө мобилдик оператор башкы демөөрчү болду. Ажайып оюн-зооктордун, кыргыз элинин жана дүйнө жүзүнүн булуң-бурчунан келген калктардын маданий программаларынын жогорку деңгээлде өткөрүлгөндүгүнө күбө болдук. Көргөндүн көз жоосун алган табигаттын кооздугу келген меймандарды суктандырбай койгон жок.

Бул ири масштабдагы иш-чараны өткөрүүгө салым кошкон, колдоо көрсөткөн ишкана, мекеме, уюмдардын өкүлдөрүн сыйлоо аземинде премьер-министр Сооронбай Жээнбеков MegaCom компаниясынын башкы директору Азат Базаркуловго президенттин атынан ыраазычылык кат тапшырды. Анын мазмуну төмөндөгүчө: «Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катышкандыгыңыздар үчүн чын дилимден ыраазычылыгымды билдирем. Биз мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө жана эл аралык аренада өлкөбүздүн позитивдүү аброюн калыптандырууга кошкон салымыңыздарды жогору баалайбыз. Компанияңыздарга өнүгүүнү жана каржылык байгерчиликти каалайм».

Өлкөбүздүн алдынкы мобилдик оператору уникалдуу маданий иш-чараны өткөрүүгө ар тараптан колдоо көрсөткөндүгү коомчулукка маалым. Эсиңиздерге сала кетсек, MegaCom иш-чараны уюштуруучу топтун мобилдик байланыш расмий провайдери катары, оюндардын алкагында өткөрүлгөн иш-чаралар учурунда ишенимдүү байланышты камсыз кылып, MegaCom компаниясынын техникалык адистери тарабынан тармактын сыйымдуулугун кеңейтип жана жаңы базалык станцияларды куруу боюнча ар тараптуу иштерди аткарды. Мындай аракеттердин натыйжасында катышуучулар, күйөрмандар жана жалпы көрүүчүлөр ар дайым байланышта боло алышты.

MegaCom тарабынан улуттук колоритти чагылдырган жана көчмөндөр маданиятын, этно-өзгөчөлүктөрдү баалагандар үчүн сонун белек болгон эксклюзивдик SIM-карталар чыгарылды. Ал эми Nomad атайын опциясы түйүн ичиндеги жана эл аралык багыттагы ыңгайлуу чалууларды аткарууга мүмкүнчүлүк түздү.

Мындан тышкары компания тарабынан бүйүрдү кызыткан Көкбөрү оюнунун «Эң мыкты чабуулчу» аталмасы боюнча жеңүүчүгө 100 000 сом өлчөмүндөгү атайын акчалай байге тапшырылды. Айтмакчы, этно-спорттун бул түрү боюнча өткөрүлгөн мелдештерде Кыргыз мамлекетинин курамасы жеңишке жетишкендигин баса белгилебей коюуга болбостур.

MegaCom – түрк тилдүү мамлекеттердин маданий мурастарын сактоо жана өнүктүрүү үчүн!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
15.03.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ошону сатып тынсанар башка мындай иштерге демоорчу болбойт кумтордон кийинки мегаком кыргызстанга пайда алып келген эмне учун сатып жатышат ошол жонундо маалымат жок ашаны тезирек кетириш керек баарын жок кылып бутту
16.03.2017. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
20 млрд сомдун тегерегинде сатмакчы болуп анан 13.5 млрд сомго түшүрүштү эле бироо жарым алдыбы сатып Мегакомду?Баарын арзан сатып жок кылгыла,анан эмнеңерди сатат экенсинер.
16.03.2017. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ХХХ камаганга повод түзүп берген үчүн берилген го бир болсо
Модератор admin_portal түзөттү 2017-03-16 11:19:41
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: