super.kg logo

Бишкекте айфонго тартылган "Мени менен ойночу" коркунучтуу тасмасы тар чөйрөдө көрсөтүлдү

 
Тартуучу топ жана актёрлор
Режиссёру Актан Аскарбек уулу
Башкы ролдогу актриса Ажар Рахман кызы апасы менен
Тасмадан кадр

Бишкектеги "Манас" кинотеатрында бүгүн, 16-мартта жалаң гана айфонго тартылган "Мени менен ойночу" коркунучтуу тасмасынын бет ачары болду. Фильмдин жаратуучулары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин студенттери. Белгилей кетсек, аталган фильм айфонго тартылган алгачкы кыргыз тасмасы. Анын бет ачарына университеттин ректору Мамашарип Чотонов дагы келип, студенттеринин ийгилигине күбө болуп, сөз сүйлөдү.

Фильмдин режиссёру жана анда роль жараткан Актан Аскарбек уулу тасма тууралуу: "Досумдан арбактар жөнүндө окуя угуп калып, бул тасманын сценарийин анын негизинде тартууга бел байладым. Кыргыз мамлекетинде акыркы учурда комедия жанрындагы тасмалардын саны көбөйүп кетти. Андан башка жанрларда, мисалы, хоррор жанрында деле фильм тартып, аны өнүктүрсөк болот", - деп билдирди.

Тасманы айфон аппаратына тартуу идеясы фильмдин оператору Чыңгыз Сулумбековго таандык. Анын айтымында, ал буга чейин 2 толук метраждуу кинодолбоорлорду тартууга катышкан.

"Айфонго кино тартууну көптөн бери ойлоп жүргөм. Акыры тилегим ишке ашты. Жарык берүү иштеринде кыйынчылыктар болду. Бирок ага балдар жардам беришти. Тасма Iphone 6s`ке тартылган", - дейт ал.

"Мени менен ойночу" тасмасында башкы ролдорду жараткандар чыныгы жашоодо дагы бир үй-бүлө мүчөлөрү. Фильмде кичинекей кызы бар жаш түгөйлөр жашай турган үй издеп, акыры мектептин бир бөлүгүнө директордун уруксаты менен көчүп келишип, турмушун өткөрө башташат. Ал жерге келишери менен, аялынын көзүнө арбактар көрүнүп, күн сайын ар кандай окуяларды башынан өткөрөт.

Киного Актан Аскарбек уулу, Ажар Рахман кызы, Кымбат Молдобекова, Турганбүбү Бообекова, Анжелика Аскарбекова жана башкалар тартылган.






Айфонго тартылган "Мени менен ойночу" коркунучтуу тасмасы

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 3 
Комментарийлер(4)
16.03.2017. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
мына сага онугуу...
16.03.2017. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ийгилик
16.03.2017. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Молодцы ....
16.03.2017. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда тартып көрсөмбү
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: