ЖЫЛНААМА, 16-МАРТ: Ырчы Айпери Сыдыкова "Туулган күнүмдө бир жакка качып кетким келет" дейт



Кызы менен




Ырчы, бир катар ырлардын автору Айпери Сыдыкова бүгүн, 16-мартта 31 жашка толду. Аны куттуктап чалсак, ыраазычылыгын билдирип, "туулган күнүмдө бир жакка качып кетким келет (күлүп). Себеби көңүл борборунда болууну көп жактыра бербейм. Баары менин көңүлүмдү карап турса, ыңгайсыз болом", - деди. Ошондой эле ал өздүк майрамын жолдошу, кызы менен белгилөөнү пландап жатканын айтты.
Белгилей кетсек, Айпери Сыдыкова 1986-жылы 16-мартта Ош шаарында жарык дүйнөгө келген. "Кыз-Бурак" тобуна 2003-жылы келип, сахнага "Чын эле мени унуттуңбу?" ыры менен чыккан. 2007-жылы аталган топтон кетип, сөзү, обону өзүнө таандык "Апакай ак куу" аталышындагы ыры менен кайра сахнага жеке ырчы катары кайтып келген.
16-мартка карата жылнаама
баракчасынан алынды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Аз болсо да сонун сонун ырлары бар.
Уну жакшы. Мындай пикир калтырганынар туура эмес
Туулган күнү менен куттуктайм, бул жашоонун жакшылыгын гана көрсүн!