super.kg logo
  Саясат  

2012-жылы президент Алмазбек Атамбаев 948 миң 776 сом айлык алган

 

2012-жылы президент Алмазбек Атамбаевдин айлыгы 948 миң 776 сомду, ал эми анын жубайы Раиса Атамбаеваныкы 367,2 миң сомду түзгөн. Бул тууралуу Мамлекеттик кадр кызматынын басма сөз кызматы билдирет. Ошондой эле мамлекет башчысы өз декларациясына  93,3 чарчы метрдик үйү менен 64 гектардагы көп жылдык бак-дарактары бар экенин каттаган. Президент "Форум" ЖЧКсынын негиздөөчүсү экенин көрсөткөн, ал кийин ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген. Андан тышкары Алмазбек Атамбаевдин 2007-жылы чыгарылган Тойота Лэнд Крузер үлгүсүндөгү автоунаасы бар.  

Президенттин жубайынын эки үйү жана бир гаражы бар. Ошондой эле "Медиафорум" ААКсынын 86,28 пайыздык акциясына ээлик кылат. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: