Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевге караганда былтыркы жылы жубайы көбүрөөк айлык алган
Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин 2012-жылдагы айлык акысы 812 миң 720 сомду түзгөн. Мамлекеттик кадр кызматы билдиргендей, өкмөт башчысынын декларациясында 87 чарчы метрдик батири бар экендиги белгиленген. Ал эми анын жубайы 1 миллион 8 миң 540 сом айлык алган. Анын 172 чарчы метрдик үйү, 200 чарчы метрдик батири жана унаа токтотуучу жайы бар. Ошондой эле өкмөт башчысынын жубайы 2005-жылы чыгарылган Тойота-Прадо жана 2008-жылы чыгарылган Тойота-РАВ 4 үлгүсүндөгү 2 унаага ээ.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:51
2025-07-07

17:54
2025-07-07

Рейтинг:
0

