super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ: КРнын Эл артисти, актриса Сабира Күмүшалиева арабызда болгондо 100 жашка толмок

 

КРнын Эл артисти жана Баатыры, актриса Сабира Күмүшалиева арабызда болгондо 100 жашка толмок. Ал Фрунзе шаарында 1917-жылы 19-мартта туулган. Борбордогу мектепти аяктагандан кийин, Фрунзе техникумуна тапшырып, аны ийгиликтүү бүтүргөн. Андан соң 1932-1934-жылдары башталгыч мектепте мугалим, 1934-жылдан тартып Кыргыз драма театрында актриса болуп эмгектенген. Өзүнүн 75 жылдык жашоосун театр, киного арнап, кыргыз жана казак фильмдеринде, спектаклдерде жүздөн ашык ролдорду жараткан.

Сабира Күмүшалиева эпизоддук ролдордун мыкты чебери болгон. Муну режиссёр Болот Шамшиевдин "Ак кеме" тасмасындагы Карыз аттуу кемпирдин ролун аткаруудагы чеберчилигинен көрсө болот. Ал аталган тасмада тажаал, ачуусу чукул, чапчаң, өзүмчүл адамдын кулк-мүнөзүн, образын түзгөн. Бул тасма 1976-жылы тартылып, IX Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон.
Сабира Күмүшалиева 1934-жылы Кыргыз драма театрга кабыл алынып, алгачкы жолу Касымаалы Жантөшевдин "Карачач" пьесасында башкы каарман Карачачтын ролун ойногон.
1957-жылы театр искусство жаатында мыкты эмгек сиңиргендиги үчүн Сабира Күмүшалиева "Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти" андан кийин "Кыргыз Эл артисти" наамын алган.
Ал "Даңк" медалынын ээси, Муратбек Рыскулов атындагы эл аралык жана Казак Республикасынын "Алтын Көпүрө", Төлөгөн Айбергенов жана Ленин комсомолу сыйлыктарынын лауреаты, эгемендүүлүк жылдарында "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамынын ээси болгон.
Сабира Күмүшалиева казак элинин "Адам - бугу", "Боордошум", "Уул тууган", "Согуш учурундагы балдар" жана башка тасмаларында да ролдорду мыкты ойноп, эки элдин достугунда да данакер болгон. Кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларында роль жараткан. Сабира Күмүшалиева "Эрте жаздагы турналар", "Кызыл алма", "Тайлактын энеси", "Караш-караш окуясы", "Отко таазим", "Ак кеме", "Ак куулар конгон айдың көл", "Фудзиямада кадыр түн" ж. б. кинолорунда кайталангыс ролдорду жараткан. Мындан сырткары "Уркуя" тасмасында, "Курманжан датка" спектаклинде роль жаратып, элинин эсинде калган. Сабира Күмүшалиева 2007-жылы 15-сентябрда 90 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.

19-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(10)
19.03.2017. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайталангыс талант
19.03.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйын актриса эжекебиз эле!
19.03.2017. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Таттыбубу Турсунбаеванын олумуно тиешеси бар деп уккам.Бир Алла билет
meni_kut түзөттү 2017-03-19 14:38:32
19.03.2017. 15:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
meni_kut,ал башка эжекебиз.Ал деле арабызда журот.бирок бул эжекебиз эмес
19.03.2017. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meni_kut, Ушактарга ишенбей ар ким озунун жашоосу менен жашаса дуйно он болоор эле
19.03.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
meni_kut,билип билбей жазбасан,,Таттыбубу эженин тен чамалдаштары короалбастык кылышкан бул энебиз алардан 30жашка улуу бул кишинин тиешеси жок ал олумго,,,
19.03.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына ушундай Залкар таланттар сыйлыктарга татыктуу ...Азыркы маданият кызматкерлер алып жатканда (татыксыздар)кулкун келет..Анча мынча эл артисти сыйлыгын алган ырчыларды тааныбайт да экенсин.
19.03.2017. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай талант ээси Бир келет да Бир кетет
19.03.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына сага чыныгы талант, Кыргыз элинин сыймыгы, чыныгы жашоо. Жузунун ар бир бырыштарнан эмгекти, театрды алдыга койгонун байкоого болот. Бетим бырышат деп ойлобостон дайыма чеберчилик менен аткарганын корууго болот, орусча айтканда "нескупая на мимику"! Мындай таланттардын жаралышы чанда!
19.03.2017. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элесиңиз элдин эсинде калды, кайталангыс образдарды жараткан.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: