ЖЫЛНААМА, 19-МАРТ: Орус эстрадасынын легендасы аталган ырчы, актёр Валерий Леонтьев 68 жашка толду




Орусиялык поп ырчы, актёр Валерий Леонтьев 68 жашка толду. Ал 1949-жылы 19-мартта Коми АССРнин Усть-Уса кыштагында туулган. В.Леонтьев 1987-жылы Украинанын Эмгек сиңирген артисти, 1996-жылы Орусиянын Эл артисти наамдарына арзып, өзүнүн таланты менен көптөгөн "World Music Awards", ZD Awards, Овация, Алтын Граммофон сыйлыктарынын ээси болгон. 1980-2001-жылдар аралыгында Валерий Леонтьев атактуулуктун туу чокусуна жетип, көп жетишкендиктерге жеткен.
Ырчы 30дан ашык альбом чыгарып, алар миллиондогон нуска менен дүйнөгө тараган. ММКлар Валерий Леонтьевти "советтик эстраданын мегажылдызы", "орус эстрадасынын легендасы" деп атап келишкен. Ал эми Индиянын музыка сынчылары 1980-жылдары ырчыны орустун Майкл Жексону деп аташкан.
19-мартка карата жылнаама
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:25
2025-07-10

12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.