super.kg logo
  Саясат  

Шайлоо-2017: Эл саясатчылардын эски армиясынан тажады

 

Быйыл, эгер абал чукул өзгөрүп кетпесе, 19-ноябрда өлкөдө президенттик шайлоо өтөт. SUPER.KG порталында күзүндө өтүүчү президенттик шайлоого карата сурамжылоонун кезектеги айлампасы жыйынтыкталды.

Сурамжылоонун өткөн айлампаларындагы жыйынтык бул жолу деле кескин өзгөрүп кеткен жок. Чубак Жалилов, Адахан Мадумаров, Өмүрбек Бабанов, Өмүрбек Текебаев жана Сапар Исаков алдынкы бештикте келе жатышат. Чубак Жалилов башкалардан чоң айырма менен алдыда бара жатат. Бул 25 жылдан бери саясатта келе жаткан, убада берип, бирок ал иштерди жүзөгө ашырбаган саясатчылардан элдин тажаганынын, башка адамдарды, башка жолдорду издеп баштаганынын белгиси. Бул президент болом деген саясатчыларды ойлонто турган көрүнүш. Кээде сурамжылоодо алдынкы сапка чыгып, бирде 2-орунга түшүп жаткан Адахан Мадумаровдун бул ирет добушу азайып, азыркы учурда Бабанов менен дээрлик теӊелип калды. Белгилей кетүүчү жагдай, шайлоо алдында бириккен Камчыбек Ташиев, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибеков үчөөнүн кимиси жарышка талапкер болуп чыгары чечиле элек. Чечилгенден кийин сурамжылоодогу көрсөткүчтөр өзгөрүшү мүмкүн. Балким, үчөө үч айрым жолго кетет.

Эки апта ичинде Өмүрбек Текебаевге, президент Алмазбек Атамбаевдин командасынын өкүлү Сапар Исаковго добуш бергендер да байкаларлык өстү. Исаков президенттик аппараттын башчысы катары 17-мартта Аксыга барып, 2002-жылкы Аксы окуясын эскерүү иш-чарасына катышты. Маанилүү иш-чарада президенттин атынан сөз сүйлөп, кайрылуу жасады. Бул Исаковдун президенттик аппарат башчысы катары маанилүү иш-чарага биринчи катышуусу. Ошентип жыйынтыктап караганда эски армиянын ичинен Чубак Жалилов менен Сапар Исаков өзгөчөлөнүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: