super.kg logo

ТЕСТ: Нооруз жөнүндө канчалык билесиз?

 

Бүгүн, 21-март - Нооруз майрамы. Кыргыз элинде бул майрам кеӊири белгиленет. Жаздын келиши, жаӊы жашоонун башталышы катары бул күнгө өзгөчө маани берилет. Бүгүн Нооруз майрамы жөнүндө сөз кылабыз. Бул майрам тууралуу канчалык маалыматыӊыз бар? Тесттен өтүӊүз.






1

2

3

4

5

6

7

8

9

10

11

12

13

14

Бул өлкөдө Ноорузда дасторконго сөзсүз "с" тамгасынан башталган тамактын 7 түрү коюлат.

Тажикстанда Нооруз майрамына карата дасторконго "с" тамгасынан башталган тамактын жети түрү коюлат. Мисалы, Суманак (сүмөлөк), сирко (уксус), сэмени (өндүрүлгөн буудай), сабза (көк чөптөр) жана башка ушул сыяктуу тамактар.

Кийинки суроо


Ооганстан
Түркия
Тажикстан

Нооруз качан "эл аралык майрам" макамын алганын билесизби?

2010-жылы 19-февралда БУУнун Башкы Ассамблеясында Ноорузду адамзаттын маданий мурасы деп жарыя кылып, “Бардык элдердин Эл аралык майрамы” деп бекитип берген.

Кийинки суроо


1991-жылы
2010-жылы
2001-жылы

Ноорузду 13 күн майрамдаган өлкө?

Иранда Ноорузду 13 күн белгилешет. Баштапкы 5 күн аралыгында майрамга даярдыктар көрүлүп, туугандар бири-бирине конокко келишет. Тогузунчу күн шахтар Ноорузу (Шахръяран-Навруз) деп аталат, ал эми 13-күн үйдөн сырткары майрамдоо (Сездах-бедар) катары саналат.

Кийинки суроо


Иран
Ирак
Түркмөнстан

Нооруз майрамында жасалган ритуалды табыӊыз.

Нооруз майрамында арча түтөтүп "Алас, алас, алас! Ар балээден калас" деп айлананы жамандыктан тазалоо ритуалын көрүүгө болот.

Кийинки суроо


Арча түтөтүп, аластоо
Жети токоч жасап, таратуу
Арбактарга багыштап куран окуу

"Көк жөтөл" ырын ырдаган кыргыз ырчысынын ысымы?

Казак элдик ырын кыргыз тилине которуп аткарган ырчы Нооруз Алымбаев, 1991-жылы 21-мартта туулган.

Кийинки суроо


Аваз Акимов
Дайыр Исмадияров
Нооруз Алымбаев

Совет бийлиги Нооруз майрамын белгилөөгө качан тыюу салган?

Совет бийлиги 1926-жылы майрамды белгилөөгө тыюу салган. Бирок салтанаттуу белгилөөгө кайрадан 1988-жылы уруксат берген. Ошого карабай, Кыргызстан Ноорузду жыл сайын майрамдоого эгемендүүлүктү алганда гана жетишкен.

Кийинки суроо


1926-жылы
1988-жылы
1941-жылы

Нооруз качан ЮНЕСКОнун тизмесине киргизилген?

2009-жылы 30-сентябрда Абу-Даби шаарында өткөн ЮНЕСКОнун 4-сессиясында Нооруз майрамы маданий мурас катары таанылган.

Кийинки суроо


2001-жылы
2016-жылы
2009-жылы

Кайсы өлкөдө Нооруз майрамын белгилөөгө тыюу салынган?

Сирияда Ноорузду майрамдоого тыюу салынган.

Кийинки суроо


Азербайжанда
Иракта
Сирияда

Нооруз деген сөздүн кыргызча мааниси кандай?

“Навруз”, “новруз”, “неуруз” деп айтылган сөз байыркы фарсы тилинен кыргызчага которгондо "жаңы күн" дегенди билдирет.

Кийинки суроо


Жаңы күн
Жаңы жыл
Жаӊы заман

Уламыш: Сүмөлөк кантип жаралган?

Уламыштарда сүмөлөк ачарчылыкта ойлоп табылган тамак деп баяндалат. Элди ачарчылык каптап, аялдар колунда бар азыктарын чогултуп казанга салышат да суу куюп кайнатышат. Ошондо 9 баласы бар эне келип, берерге эч нерсеси жок экенин айтып ырымдап казанга 9 таш салат. Кыскача ушундай. Мындан башка да уламыштар айтылып жүрөт.

Кийинки суроо


Адамдар ачарчылыкта ойлоп табышкан
Токойдо адашып кеткен кыз ойлоп тапкан
Байдын кызматчысы ойлоп тапкан

Элдик кеп: Нооруз - кыргыздардын...

Нооруз майрамы кыргыздардын Жаӊы жылы деп айтылып жүрөт.

Кийинки суроо


Тою
Жаңы жылы
Визиттик карточкасы

Нооруз күнү астрологиялык кандай табигый өзгөрүү болот?

Календарь жок мезгилде эл жаздын кандай болорун дал ушул күнү билип, “бул күндөн баштап табияттын жаңылануусу башталат” дешчү. Бул күнү күн менен түн теңелет.

Кийинки суроо


Күн тутулат
Ай толот
Күн менен түн теӊелет

Астрахандык татарлар, Батыш Казакстандын эли мурун Ноорузду качан белгилешчү эле?

Астрахандык татарлар, Казакстандын Батышындагы жашоочулар мурун Нооруз майрамын 14-мартта белгилеп, аны "амал" деп аташкан. Бул күнү бири-бирин "Жаңы жыл кут болсун" деп куттукташчу.

Кийинки суроо


1-мартта
21-мартта
14-мартта

Ноорузда айрым элдерде энелер оттон секиришкен. Эмне үчүн?

Өзбекстандын жана Ирандын кээ бир аймактарында от жагылып, андан жашоочулар секирип өтүшчү. Муну менен алар жаман күчтөрдү, жиндерди айдайбыз деп ишенишкен. Балалуу энелер секирип, жаңырган жылда жамандыктан сакталабыз дешчү.

Кийинки суроо


Жаңырган жылда жамандыктан арылуу үчүн
Баласынын күнөөлөрүн жок кылуу үчүн
Дагы балалуу болсом экен деген тилек менен

"Гүлсарат", "Ак кеме"... Айтматовдун чыгармаларын унута элексизби?

Сиздин упайыңыз

70
Туура жооп: 9
Ката жооп: 5
Жалпы: 14 суроо
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(16)
21.03.2017. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
72
21.03.2017. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
86
21.03.2017. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100
21.03.2017. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
gul3ina,кой кулакка теппе
21.03.2017. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
72 упай
21.03.2017. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
72 упай
21.03.2017. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
79
21.03.2017. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Нооруз майрам эмес
21.03.2017. 19:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
zhusaliev89, өзүңүзгө болбосо бизге майрам
22.03.2017. 07:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zhusaliev89, Туура майрам эмес, нооруз деген сөз кыргыздын сөзү эмес!..
21.03.2017. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
93
21.03.2017. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кок жотолдон ноорузга кандай тиешеси бар
21.03.2017. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Riokyrgyz,
Ырчынын аты НООРУЗ болгондуктан кошуп койгонго сыягы!
22.03.2017. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
65 (
05.12.2017. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60 упай
02.06.2018. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
58 балл көп билбейт экем
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: