super.kg logo
  Саясат  

Чүйдө кырсыкка кабылган учактын учкучтары дагы деле табыла элек

 

3-майда КС-135 учагы кырсыкка учураган жерде АКШнын "Манас" аэропортундагы жүк ташуучу транзиттик борборунун кызматкерлери иш жүргүзүүдө. Аталган борбордун басма сөз кызматы билдиргендей, азырынча учкучтардын тирүү же каза тапкандыгы тууралуу маалымат жок. КРнын күч органдары менен биргеликте иликтөө иштери улантылып жатат. Окуя болгон аймак милиция кызматкерлеринин курчоосуна алынып, ал жерге карапайым жарандар менен журналисттерди киргизбей жатышканы белгилүү болду. Эске сала кетсек, кечээ, 3-майда учактарга май куюучу учагы КС-135 асмандан жарылып, Панфилов районунун аймагына кулап түшкөн. Маалыматтар боюнча учак Кыргызстандан Ооганстанга учуп жөнөгөн, анда 60 тонна күйүүчү май болгон. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: