super.kg logo
  Спорт  

Бишкек-Токмок багыты боюнча веложүрүш болуп, ага 4 жаштан 65 жашка чейинки велосүйүүчүлөр катышты

 
Веложүрүшчүлөр чогулушууда
Бишкекке чогулган катышуучулар жүрүш башталчу жерге чейин автобус менен барышты
Ар бир катышуучуга суу жана бирден шоколад берилди
Велосүйүүчүлөр старт алдында
Велосүйүүчүлөр стартта
Веложүрүш 100дөй катышуучу менен башталды
Велосүйүүчүлөр
Велосүйүүчүлөр
Велосүйүүчүлөр
Велосүйүүчүлөр
Велотурга кыздар да катышты
Жүрүштүн эң кичинекей катышуучусу 4 жашта болду
Жүрүш учурунан
Жүрүш учурунан
Жүрүш учурунан
Жүрүшчүлөр Токмок шаарындагы Манап бий сейил багынан тыныгуу жасап, өзөк жалгашты
Кыргызстандагы эң узун адамдардын бири Марат Жуманалиев. Боюнун узундугу 2,12 метр
Иш-чаранын катышуучусу
Марага жеткен катышуучуларга ысык тамак берилди
Марага жеткен катышуучуларга ысык тамак берилди
Марага жеткен катышуучуларга ысык тамак берилди
Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, коомдук ишмер Нурбек Тойчубаев
Бурана тарыхый комплекси
Бурана тарыхый комплекси
Бурана тарыхый комплекси
Соңунда иш-чаранын катышуучулары эстеликке сүрөткө түшүштү

4-майда Бишкек - Токмок багыты боюнча веложүрүш болуп өттү. Тактап айтканда, бишкектик велосүйүүчүлөр саат 10:30да шаардагы айланып өтмө жолдун (объездная) Кант шаарына бурулган жеринен баштап Токмок шаарындагы Бурана мунарасына чейин велосипед тээп барышты. Иш-чарага 100дөй адам катышты. Жүрүшчүлөр Токмокко жете бергенде токтошуп, тамактанууга да үлгүрүштү. Марага жеткенде катышуучулар Бурана тарыхый комплекси менен таанышып чыгышты. Иш-чаранын уюштуруучуларынын бири, коомдук ишмер Атай Садыбакасовдун айтымында, веложүрүшкө катышууну каалагандардын саны жыл сайын өсүүдө.  

 

“Биз болжол менен 60тай адам катышат деп ойлогонбуз, чындыгында, андан эки эсе көп болду. Интернеттеги жарыядан окуп, Казакстандын Алматы шаарынан да 1-2 адам келип катышты”,- дейт ал. Веложүрүшчүлөрдүн эң жашы 4 жашта болсо, эң улуусу 65 жашта болду. Сергек жашоого үндөөнү максат кылган мындай иш-чараны өлкөнүн башка облустарында өткөрүү пландалгандыгын кошумчалашты уюштуруучулар. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: