super.kg logo

Актан Арым Кубат: "Кентавр" тасмасы чуу жаратабы деп чочулап турам"

 

Режиссёр Актан Арым Кубат "Кентавр" тасмасы Берлиндеги "Берлинале" кинофестивалында сыйлыкка татыганын бүгүн, 22-мартта өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, аталган тасма сынактын шарты боюнча беш жолу көрсөтүлүшү керек болчу. Бирок көрүүчүлөрдүн суранычы менен он жолу көрсөтүлгөн.

"Бул фильмдин тартылганына бир жыл болду, шартка байланыштуу көрсөтпөй жүргөнбүз. Ал жакта абдан жакшы кабыл алышты. 10-февралда көрсөтүлгөндөн кийин Берлинден келе бердик. Келиним тасманын продюсери, кинофестивалдын уюштуруучулары ага чалып, жакшы кабарды айтышыптыр. Чынында такыр күткөн эмеспиз, эртең менен келиним сүйүнчүлөдү", - дейт режиссёр.

Фильмдин сценарийи Актан Арым Кубат жана Эрнест Абдыжапаровго таандык. Маалымат жыйынга режиссёрлор жана тасманын башкы каармандарынын бири Зарема Асаналиева катышты.

"Ушундай режиссёрлордун мени тандагандыгы мен үчүн сыймык. Дудук аялдын ролун ойнодум. Бүл үчүн атайын дудуктардын мектебине 2 ай барып, алардын сүйлөө кыймылдарын үйрөндүм. Болушунча берилип ойнодум деп ойлойм", - дейт З.Асаналиева.

"Фильмди элге жайылтуу маанилүү. Биздин коом көп идеалогиялык багыттардын жуурулушмасы болуп калды. Биз, кыргыздар өзүбүздүн баштапкы көрөңгөбүздү жоготуп албайбызбы? деген суроолорго жооп ала турган фильм", - дейт Эрнест Абдыжапаров.

Фильмдин башкы каарманынын образын Актан Арым Кубат өзү аткарган. Тасмада дин маселеси да камтылгандыктан коомдо чуу жаралабы деген чочулоо пайда болуп жатканын айтат ал.

"Эл кандай кабыл алат деп коркуп турам. "Свет аке" тасмасы да коомдо чуу жаратты. Болгону мен анда чындыкты көрсөткөм. Чоң бизнесмендер чет жердеги өнөктөштөрү келгенде кыздарды сунуштаганы чындык да. "Кентавр" тасмасында да ушул сыяктуу чуу жаратуучу эпизоддор бар.

Менин башымдан өткөн окуя: мурдагы кинотеатрдын имаратын мечит кылып алышкан. Мен ойлойм эгер адамдын түшүнүгү, маданияты жогорку деңгээлде болбосо ал динди да түшүнө албайт. Дин болушу керек, бирок арабдашуу туура эмес. Биз тасмада кыргыздын улуттук салт-санааларын сактоого чакырдык" , - дейт Актан Арым Кубат.

"Кентавр" Кудайды издеген жана өзүнүн улуттук түпкү салт-санаасын сактап калуу аракеттерин көргөн адам жөнүндө тасма. Ал сөз гректердин мифтеринде кездешет.

Тасма Кыргыз гана эмес Франция, Германия, Нидерланды жана Япониянын кино жаратуучулары менен биргеликте тартылган. Актан Арым Кубат тасманын бюджети тууралуу ачык айта албай турганын билдирип, улуттук идеологияны камтыгандыктан кеткен чыгымдын 10-15 пайызы мамлекет тарабынан берилгенин айтат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(19)
22.03.2017. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мммдаа...Королу оболу,анан айтам кандай экенин.Алдын ала эч нерсе дей албаймын.Кутобуз.
ekaterinburg түзөттү 2017-03-22 14:10:32
22.03.2017. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Актан сен кино тартпай эле койчу кыргыздын кыздарын уят жагын көрсөтпөй ушу киного тартылган кыздардын ата-энеси бар болду бекен
22.03.2017. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Урматтуу режиссер мырзалар! Динди аралаштырбай эле тартсанар болмок экен. Динди аралаштырып тартып, жон жургон мусулмандардын оозун кычыштырып чууну мына силер чыгарганы турасынар. Берлинде мактады дейсинер немистерге баары бир эмеспи. Мурунку коронгобузду жоготуп албайлы дейт-эгер мурун шаманизмди кармаса же болбосо башка динде болсо ушул менин коронгом деп ошол бойдон кала бериш керекпи? Салттуу ислам динин улуу Манас атабыз да карманган жана анын пайдасынан башка эч бир зыяны жок.
22.03.2017. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кино деле кудум эле өзүбүздүн күнүмдүк жашообуздан алынат алат эч кандай асмандан албайт. Бул кишинин киносун көрө элек экенмин. Кыздардын ата энеси бар бекен деп. Ким түптүз жүрөт экен болгон чындыкты тартышат да ал кыздарга окшогондор жаныбызда жүрөт
22.03.2017. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Грек мифтеринде кездешкен соз болсо анда биздин динге туура келбей калат .эгер динди жамандаган болсо Кудайым озу кечирсин.эмнеси болсо да коробуз анан баалайбыз.
Riokyrgyz түзөттү 2017-03-22 16:23:24
22.03.2017. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Кыргызды жаман корсоткон кинолору мн сыйлык алат.Свет акеде динди тушунбогон учун жыланач тазикте отурат, .Жеке мен сыйлабайм мындай инсанды.
meni_kut түзөттү 2017-03-22 16:21:27
22.03.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
meni_kut,
Туура айттын 100%.
22.03.2017. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушул режиссёрдун кинолору да кимдергедир жагаттыр.Кыргыз республикасында эмес башка олкодо балким бааланаттыр.Бирок менин коз карашымда адамдарды озуно тарта турган эпизоддору жок,кызыксыз.Жана биздин менталитетке туура да келбейт.
22.03.2017. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Арабташуу туура эмес дейт,мам-еттен акча алыптыр анда жанагы хиджабка каршы чыккандар бар го биз кайда баратабыз деген ошолордон алса керек акчаны.
22.03.2017. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
кыргызды уят кыла турган фильм болсо тарынба сотко берем колдочулар четен табылат жана Эл бар
22.03.2017. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кинонорду тенирчилер колдойт мен корбой туруп эле желания олду.
22.03.2017. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Коркпой эле чыгарыш керек болгонун болгондой, кинону көрбөй жатып жамандагандар уялгыла кудайга жакпайт мындай ишиңер
22.03.2017. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыздын жаман жагын көрсөтүп тартылган фильм чет жерде сыйлык алат да. "Азамат кыргыз өзүңдү шылдыңда, сага оскар беребиз!"
22.03.2017. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чындыкты тарттым деп эле чет элге абийирбизди ача бербе Актан брат. Уят кылганын жана сенин акча тапканын эле калат.
22.03.2017. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен актанды сыйлабаймын ушу сен кино тарпай эле койчу иним сен таркан кинону башкасы деле тартмак бирок аларсын намысы жол бербейт. Сага лично биринчи оорунда акча экинчи атактуулук керек. Элдин абийирин уруп ойнобойсун
odin-takoy түзөттү 2017-03-22 19:57:45
22.03.2017. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
odin-takoy,Айтканыныз ээн туура. Тарткан кинолору учун кыргызстанга киргизбей коюш керек бу кишини. Тартат десе эле тарта береби, семейный отуруп коро албайсын.Беш кампир, светаке деген болбогон кинолорду тартат
Adiletto түзөттү 2017-03-22 23:03:37
22.03.2017. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Европада бааланып атса бизде бааланбайт ,биз Европа эмеспиз да бизде менталитет уят сыйыт деген бар.Свет акесинде жылаңач жуунганын келини кыздары да көрдү да уялбагандан өзүң уял .Ошол тууралуу апасы да капа болгонун айтты беле же аялы беле бир интервьюсунда .Ар жактан эле сыйлык алдым деп мактанат кандай кино болду экен,бирок мен точно билем Арымдын бизге ылайык кино тартыш колунан келбейт.
23.03.2017. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Актан брат андан коро АК уйдогу актерлорду тартпапсын. Восстание обезьянов 2 деп. Точна Оскар алмаксын ошондо
23.03.2017. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага дискин берчи коруп анан айтайын.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: