super.kg logo

Кувейтте "Сулуу бийкеч жана түрү суук" тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынды

 
Тасмадан кадр

Кувейт мамлекетинде "Сулуу бийкеч жана түрү суук" тасмасын көрсөтүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар бүгүн, 22-мартта жазып чыгышты.

Маалыматтарга таянсак, коомчулук фильмде бир жыныстуу мамилеге чакырган кадрлар бар экендигин билдирип, нааразы болушкандыктан, мындай чечим чыгарылып, тасма бет ачарынан 4 күн өткөндөн кийин экрандардан алынган.

Белгилей кетсек, "Сулуу бийкеч жана түрү суукта" Дэн Стивенс, Эмма Уотсон, Люк Эванс, Юэн Макгрегор, Иен Маккелен, Эмма Томпсон жана башкалар роль жаратышкан. Анда каардуу сыйкырчы аял Адам аттуу ханзааданы өзүн орой жана өзүмчүл алып жүргөндүгү үчүн желмогузга айлантып салат. Кайра мурдагы абалына келүү үчүн ханзаада ак көңүл болуп, сүйүп жана сүйүктүү болуусу керектелет.

Буга чейин мюзиклдин режиссёру Билл Кондон тасмада гомосексуалист ЛеФу аттуу каарман бар экендигин айтып, анын окуясы "Дисней" студиясынын тасмаларындагы бир жыныстагы мамилелерди көрсөткөн эксклюзивдүү учур болуп эcептелерин билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(6)
22.03.2017. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Макгрегор...Конордун фамилиясыга окшош экен
22.03.2017. 19:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Бул фильмде даана корсотулгон кыргыз жеринде дагы тыю салынса жакшы болот эле. Бул кинонун копчулук коруучулору жаш балдар.
22.03.2017. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
aibars,Эң туура, мен да ошондой ойлойм.
22.03.2017. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тыюу салып туура кылышыптыр.Бул тасманы айрыкча жаш муундар корот.Оспурум куракта алардын ан сезимине терс таасир тийгизиши мумкун.
23.03.2017. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кинонун мультфильми бар беле?
23.03.2017. 07:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sultan.kg, оа бар
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: