super.kg logo

Александр Ким Каржы полициясынын сурагынан чыкты. Сурак 3 сааттан ашуун убакытка созулду

 

"Вечерний Бишкектин" мурдагы ээси Александр Ким Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын сурагынан чыкты. Сурак 3 сааттан ашуун убакытка созулду. Кимди колдоо максатында келген анын кесиптештери сыртта күтүп жатышты.

"Биз протокол менен тааныштык. Мага тагылган күнөөлөр жок жерден чыгарылган. Эч кандай негизи жок. Суракта эмне болгонун ачыкка чыгарбоо тууралуу документке кол койгонум үчүн журналисттерге комментарий бере албайм", - деди Ким.

Мындан тышкары ал кийинки сурак 27-мартта саат 14:00дө өтөрүн баса белгиледи. Ошондой эле ага эч жакка чыкпоо баш коргоо чарасы аныкталганын кошумчалады.

Эскерте кетсек, 2017-жылдын 17-мартында саат 18:30 чамасында аталган кызматтын өкүлдөрү А.Кимди суракка алып кетүү үчүн анын үйүнө келишкен. Бирок Кимдин жакындары жана кесиптештери каржы полициясынын бул аракети мыйзам бузуу экенин айтышып, мекеменин өкүлдөрүнө бөгөт коюшкан. Жыйынтыгында Ким 22-мартта саат 14:00дө Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына суракка баруу тууралуу милдеттенме жазган.

Александр Кимдин айынан көп жылдык кирешеден куру калганын айткан Александр Рябушкин 2015-жылы өз пайдасына Александр Кимден 388 миллион сом өндүрүп берүүнү соттон өтүнгөн. Сот ал талапты канааттандырган, бирок Кимдин мүлкү жок болгондуктан аталган сумма табылган эмес. Рябушкин анын ордуна Кимге таандык акцияларды өткөрүп берүүнү өтүнгөн. Биринчи Май райондук соту бул өтүнүчтү канааттандырып, Рябушкин “Рубикондун” 100 пайыз ээси болуп калган.






Александр Ким Каржы полициясынын сурагынан чыкты

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
22.03.2017. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ким деген Ким өзү?! Кыргыздар жокпу Александр Ким дейт го мүлкү жок деп буга окшогондун мүлкү чет жакта болсо керек. Эээ жашоону ушулардан үйрөнүш керек да өзү.
22.03.2017. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ж. Акаевди мандатын ажыратам десе анда Ашабыз керек эместерди тазалап атат окшойт а башында Жанарды бизге керексиң деп көтөрмөлөдү эле
22.03.2017. 18:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жанар СДПК ны жактап сүйлөбөгөнү үчүн мандатын алабыз деп жатат. Жанар азаматсың мандатыңды алып салсада күн өтө берет. Эң негизгиси сен кудайдын элдин алдында калыс сөзүңдү айт элге ак кызмат кыл.
22.03.2017. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимди дагы өзүнчө баатыр кылып ийдинерго. Жада калса үйүнө келген кишиден бери жазып
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: