"Береке" бий ансамбли бир жылдык отчёттук концертин берди
Кыргыз бийи менен "Берекенин" кыздары


Кыргыз бийи менен "Берекенин" кыздары

"Сейтек" балдар борборунун директору бийчилерге Ардак грамота тапшырууда

"Сейтек" балдар борборунун директору бийчилерге грамота тапшырууда

Кеченин күйөрмандары

Ансамблдин мүчөсү, орус улутундагы Анастасия Матюхова бийлегенди гана эмес комузду да мыкты чертерин көрсөттү

"Датка" бийи менен "Берекенин" кыздары

Кыргыз бийи

"Тамашоучу" жигиттер кечени күлкүгө бөлөштү

Кыргыз бийи

Көшөгө артында

Сахнага чыгууга кезек күтүп отурган кенже бийчилер

Кезектеги номерге даярдык

Чыгыш бийи

Уйгур бийи

Уйгур бийи

Уйгур бийи

Ырчы Гүлзинат Суранчиева кеченин коногу болду

"Береке" бий тобунун жетекчиси Айнура Кыдыралиева кыздары менен
3-майда Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда “Береке” бий ансамблинин бир жылдык отчёттук концерти өттү. Анда аталган топтун кыздары кыргыз, уйгур, япон, өзбек жана башка 15тен ашуун улуттун бийлерин көрүүчүлөргө тартуулашты. Мындан сырткары эстрада жылдыздары келип, бийчи кыздардын талантына ийгилик каалап, ырдап, куудулдар элди күлдүрүштү. “Береке” бий ансамбли мындан 6 жыл мурун түзүлгөн, анда курамында 100гө жакын кыз болгон.
“Учурда кыздарымдын саны 300гө жетип калды. Албетте, бул көрсөткүч мен үчүн абдан кубанычтуу. Алардын ичинде 3 жаштан баштап, 23 жашка чейинки жаш таланттар бар, баары мага бир тууган сиңдидей эле болуп калышкан”,- дейт ансамблдин негиздөөчүсү Айнура Кыдыралиева.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.