super.kg logo

Бишкекте "30 жаштагы тургунду сабап өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды

 

Бишкекте "30 жаштагы тургунду сабап өлтүргөн" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-март күнү Ленин РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Ш.Руставели көчөсүндө белгисиз адамдын жансыз денеси табылганы боюнча маалымат келип түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барышып, 30 жаштагы А.Днын киши колдуу болуп өлгөнүн аныкташкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, ыкчам изилдөө иштери жүргөн. Анын негизинде кылмышка шектүү катары 31 жаштагы К.К. кармалды.

"Окуя 2-марттан 3-мартка караган түнү Ш.Руставели көчөсүндөгү балдар аянтчаларынын биринде болгон. Анда 31 жаштагы К.К., 30 жаштагы А.Д. жана Ы. уулу Ж., К.К., Жаныбек аттуу адамдар спирт ичимдигин ичишкен. Кийин ортолорунда уруш чыгып, К.К. жанындагы А.Дны сабап, ошол жерге таштап кеткен. Анын кесепетинен А.Д. каза болуп калган", - деп айтылат ИИМдин маалыматында.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: