super.kg logo

ЖЫЛНААМА, 23-МАРТ: 107 жыл мурун дүйнөдөгү таасирдүү режиссёрлордун бири, "Дерсу Узала" фильми аркылуу белгилүү Акира Куросава төрөлгөн

 

Мындан 107 жыл мурун, 1910-жылы 23-мартта белгилүү япониялык кинорежиссёр, сценарист жана продюсер, кино тармагында дүйнөнүн эң таасирдүү режиссёрлорунун бири деп эсептелген Акира Куросава Токиодо туулган. Сүрөтчүлүк кесип боюнча билим алып, 1936-жылы "PCL" кинокомпаниясына сынактан өтүп, кино ааламына толук аралаша баштаган. Акирага кинонун сырын өздөштүрүүгө кинорежиссёр Кадзиро Ямамото зор таасирин тийгизген.

Режиссёр "Мас периште", "Расемон", "Жети самурай" фильмдери менен мекенинде белгилүү болсо, дүйнө жүзү аны Фёдор Достоевскийдин чыгармасынын негизинде тартылган "Акмак", Уильям Шекспирдин чыгармасы боюнча тартылган "Макбет", Максим Горькийдин чыгармасынын негизинде экрандаштырылган "Эң түптө", Владимир Арсеньевдин "Дерсу Узала" чыгармасы боюнча тартылган тасмалары аркылуу билет.
Акира Куросава "Оскар" (1976, 1990) сыйлыгынан сырткары Италия, Испания, Бразилия, Түркия, Орусия, Англия, Япония, Кытайдагы ири кинофестивалдардын сыйлыктарына ээ болгон.
Япон киносунун классиги А.Куросава 1998-жылы 6-сентябрда Токиодо инсульттан улам 88 жаш курагында көз жумган.

23-мартка карата жылнаама.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: